Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү

2025-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чара кыргыз тилин колдоого жана өнүктүрүүгө, ошондой эле улуттук иденттүүлүктү каада-салтты жана маданий баалуулуктарды сактоо аркылуу бекемдөөгө багытталган. Бул иш-чара Мамлекеттик тил күнүн белгилөөнүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 369 Жарлыгы менен бекитилген “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” доктринасын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.
Расмий бөлүк Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимнинин аткарылышы менен башталып, андан кийин Конституциялык соттун Төрагасынын орун басары Карыбек Дуйшеев куттуктоо сөз менен чыгып сүйлөдү. Ал өз сөзүндө, мамлекеттик тил – өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн жана маданий мурасынын негиз түзүүчү элементи экендигин баса белгиледи.
“Кыргыз тили – улуттун жүрөгү” темасындагы мазмундуу баяндама менен Гүлмира Жунушова чыгып сүйлөп, кыргыз тилинин мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө жана укуктук коомду өнүктүрүүдө аткарган маанилүү ролуна токтолду.
Катышуучуларга “Кыргыз улуттук кийими – биздин сыймыгыбыз” аттуу интерактивдүү видеоролик көрсөтүлдү, анда жарандар жана кызматкерлер улуттук кийимдер, аларды кийүү маданияты, орду жана маданий мурас катары анын муундан муунга өткөрүүдөгү мааниси тууралуу ой бөлүшүштү.
Программанын уландысы катары, чакырылган кыргыздын нарктуу баалуулуктарын элге жайылтуучу Т.Сыдыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясынын алдындагы көркөм сүрөт колледжинин мугалими Ч.Б.Сокеева кыргыз боз үйү жана улуттук кийимдери жөнүндө айтып берди, элечек кийүү боюнча мастер класс көрсөттү.
Иш-чаранын өзгөчө бөлүгү — чыгармачылык программа болуп, анда ар кайсы бөлүмдөрдүн кызматкерлери кыргыз тилине арналган поэтикалык чыгармаларды, видеороликтерди, улуттук бийлерди жана ырларды аткарышты.
Иш-чара жыйынтыктоо жана жетекчиликтин корутунду сөзү менен аяктады. Жыйынтыгында мамлекеттик тилди, маданиятты жана салттуу баалуулуктарды колдоо — туруктуу коомду жана укуктук мамлекетти калыптандыруунун ажырагыс бөлүгү экендиги баса белгиленди.