“Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашырууга арналган иш-чара болуп өттү

Бүгүн, 2025-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Жогорку соттун Төрагасы Медербек Сатыевдин катышуусунда “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашырууга арналган иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары М.Р.Бобукеева, Ч.А. Айдарбекова жана К.Дж. Кыдырбаев катышты.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасынын атынан жана анын тапшыруусу боюнча судья М.Р.Бобукеева сөз сүйлөдү.
Кайрылууда Уңгужолдун сот чөйрөсүндөгү маңызы – тарыхый укуктук салттарды, мамлекеттик эгемендүүлүктү, конституциялык баалуулуктарды, улуттук иденттүүлүктү жана укуктук аң-сезимдин өзгөчөлүктөрүн урматтоо, ошондой эле сот адилеттигинин жогорку сапатына, укуктук аныктыкка, транспарентүүлүккө жана эл аралык стандарттар боюнча адам укугунун сакталышына умтулуу экендиги белгиленди.
Доктринанын идеялары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын преамбуласынын идеяларын ишке ашырууну карайт, анда укуктун үстөмдүгү, адилеттүүлүк, теңдик, ата-бабалардын каада-салттарына жана Айкөл Манастын осуяттарына берилгендик, ошондой адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо принциптери камтылган.
Сөзүнүн жыйынтыгында, ал, “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолду сот системасында ишке ашыруу – бул дүйнө жүзүндө жалпы кабыл алынган көз карандысыздыктын, компетенттүүлүктүн, калыстыктын жана гуманизмдин жогорку стандарттарына умтулуу менен ата мекендик укуктук салттарды терең урматтоого негизделген сот адилеттигинин моделин курууну билдирет деп белгиледи.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, ошондой эле Жогорку жана Конституциялык соттордун судьялары жана аппаратынын кызматкерлери катышты.
Мындан тышкары, иш-чарага республиканын бардык жергиликтүү сотторунун судьялары жана кызматкерлери, Сот департаментинин жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин кызматкерлери онлайн режимде катышты.