Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Нооруз майрамы белгиленди

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда тынчтыктын, биримдиктин жана жаңылануунун майрамы —эл аралык Нооруз күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү.
Салтанатты ачып жатып, Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев жамаатты келе жаткан майрамы менен куттуктап, улуттук салттарды бекемдөөдө, коомдун биримдигин жана маданий мурастарды сактоодо анын маанилүүлүгүн белгиледи.b>
Ал белгилегендей, Нооруз жаркын үмүттөргө жана жакшы өзгөрүүлөргө толгон жаңы этаптын башталышын символдоштурат.
Иш-чаранын алкагында соттун кызматкерлери улуттук ыр күүлөрдү камтыган программадан ырахат алышты. Салтанаттын жүрүшүндө Нооруз майрамынын келип чыгышы жана мааниси, анын жөрөлгөлөрү, символикасы жөнүндө баяндалып, тематикалык видеоматериалдар көрсөтүлдү.
Майрамдын ажырагыс бөлүгү болуп кыргыз ашканасынын салттуу тамактары коюлган дасторкон болду, алардын арасында бакубатчылыктын жана молчулуктун символу болгон сүмөлөк өзгөчө орунду ээледи.
Иш-чара позитивдүү маанайда өтүп, бардык катышуучуларга биримдиктин маанилүүлүгүн, улуттук маданиятты урматтоонун жана каада-салттарга аяр мамиле кылуу керектигин эске салды.