Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү
2026-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Нооруз — жаңыланууну, салттардын улануучулугун жана коомдогу гармонияны туюндурган байыркы майрам болуп саналат.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы, судьялар, сот аппаратынын кызматкерлери, ошондой эле чакырылган конок — Кыргызстандагы азербайжандардын “Бирлик” коомдук бирикмесинин төрагасы Бахшалиев Хансывар Рустамович катышты.
Иш-чараны ачып жатып, Конституциялык соттун Төрагасы Эмиль Жолдошевич Осконбаев, Нооруз элдердин маданий мурасынын маанилүү бөлүгү катары тынчтыктын, ынтымактын жана өз ара урматтоонун универсалдуу баалуулуктарын алып жүрөт жана коомдун туруктуу өнүгүүсүнүн бекем негизи болгон болуп саналат деп белгиледи. Сөзүнүн аягында жамаатты алдыдагы Нооруз жана Орозо айт майрамдары менен куттуктады.
Куттуктоо сөзү менен, ошондой эле Бахшалиев Хансывар Рустамович чыгып сүйлөп, чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулганын белгиледи. Ал Кыргыз Республикасы азербайжан диаспорасы үчүн дээрлик 90 жылдан бери мекен болуп келгенин өзгөчө баса белгилеп, өлкөдөгү улуттар аралык ынтымак жана өз ара түшүнүшүүнүн өзгөчө атмосферасын белгиледи.
Иш-чаранын мазмундуу бөлүгүндө ар кайсы өлкөлөрдө Ноорузду майрамдоо салтынын көп түрдүүлүгүн чагылдырган маданий-таанып-билүү программасы менен сунушталды. Анда Кыргыз Республикасы, Казакстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы, Азербайжан Республикасы жана Түркия Республикасы тааныштырылды.
Ар бир өлкө улуттук салттарын аутенттүү кийимдерди, элдик бий элементтерин, каада-салттарды, ошондой эле молчулукту, тазаланууну жана жаңыланууну символдоштурган улуттук тамак-аштарды көрсөтүү аркылуу ачып беришти. Бул программа маданий мурастардын көп түрдүүлүгүн, анын тарыхый тереңдигин жана уланмалуулугун айкын көрсөтүүгө мүмкүндүк берди.
Нооруз майрамынын элдерди бириктирүүчү маанисине өзгөчө көңүл бурулуп, тынчтыкка, биримдикке жана жаратмандыкка умтулуу сыяктуу жалпы руханий баалуулуктар белгиленди.
Иш-чара салтанаттуу маанайда өтүп, корпоративдик өз ара аракеттенүүнү чыңдоого, маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүгө жана элдердин салт-санаасына болгон урмат-сыйды калыптандырууга өбөлгө түздү.










