Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда улуттук каада-салттар жана баалуулуктар тууралуу лекция өттү

24.12.2025

“Улуттук дем – дүйнөлүк  бийиктик” уңгужолун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда иштелип чыккан  “2025-2028-жылдары Улуттук дем – дүйнөлүк  бийиктик” уңгужолун  ишке ашыруу боюнча  иш-чаралар планынын алкагында 2025-жылдын 24-декабрында  Конституциялык сотто  “Кыргыз элинин нарк-насилинин коомдогу орду жана ролу” темасында  окуу баян өткөрүлдү.

 

Окуу баянын тарых илимдеринин доктору, профессор, этнограф Октябрь Капалбаев өткөрдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары, ошондой эле соттун аппаратынын кызматкерлери катышты.

 

Лектор өз сөзүндө кыргыз элинин улуттук салт-санааларынын тарыхый калыптанышы, алардын маданий жана руханий мааниси, ошондой эле коомдун турмушундагы салттуу баалуулуктардын ролу жана улуттук өзгөчөлүктү сактоо маселелерин баса белгиледи. Муундан муунга өткөн уланмалуулукту, азыркы коомдук өнүгүү шарттарында каада-салттын, нарк-насилдин   орду менен ролуна кеңири токтолду.

 

Баяндама тарыхтан жана этнографиялык практикадан алынган мисалдар менен коштолуп, катышуучуларга улуттук каада-салттардын азыркы социалдык процесстердин контекстинде маанисин тереңирээк түшүнүүгө мүмкүндүк берди.

 

Иш-чаранын катышуучулары баяндаманын мазмундуу жана таанып-билүү мүнөзүнө ээ болгондугун, жандуу кызыгуу жаратып,  дүйнө таанымды  кеңейтүүгө өбөлгө түзгөнүн белгилешти.