Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Юристтер күнүнө карата салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү

28.06.2024

28-июнда Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда юридикалык кесиптин өкүлдөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

 

Иш-чара июнь айынын акыркы жекшембисинде белгиленүүчү Кыргыз Республикасынын Юристтер күнүнө карата уюштурулду.

 

Бул иш-чарада Конституциялык сот адилеттигин өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугун жана Конституциялык сотко жүктөлгөн милдеттерди чечүүгө жигердүү көмөк көрсөткөндүгүн таануу иретинде Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун ведомстволук сыйлыктары тапшырылды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун “Кызматташтык үчүн медалы менен сыйланды:

 

 

  • Алымбаев Алайбек Анаркулович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жетекчиси;
  • Молдобаев Алмазбек Тавалдыевич – Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү.

 

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Ардак грамотасы менен сыйланды:

 

  • Бердимуратов Чынгызбек Муртазакулович – Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы;
  • Ысыранов Самат Кыштообекович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү;
  • Ишекеева Нурзаада Назаркуловна – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин бөлүмүнүн эксперти;
  • Бапаев Камчыбек Арстанбекович – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын соттук практиканы жалпылоо, соттук статистиканы талдоо, Пленумдун ишин камсыз кылуу боюнча бөлүмүнүн соттук статистиканы талдоо боюнча секторунун башчысы.

 

Конституциялык соттун төрагасы Эмил Осконбаев өз сөзүндө юристтердин ишинин маанилүүлүгүн белгилеп, алардын жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо, ошондой эле коомдогу укук тартибин жана мыйзамдуулукту чыңдоодо ролун баса белгиледи. Ал бардык сыйлангандарга талыкпаган эмгеги жана жогорку кесипкөйлүгү,  ошондой эле  алардын ишин түшүнүү менен  колдоо көрсөткөн  алардын үй-бүлөлөрүнө ыраазычылык билдирди.

 

“Юристтер – бул биздин жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин күн сайын коргогон, адамдарга чындыкты табууга жана адилеттикти издөөгө жардам берген адамдар. Биздин иш-бул жөн гана кесип эмес, бул терең билимди, чынчылдыкты, принципиалдуулукту жана жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүктү талап кылган кесип”, – деп баса белгиледи Төрага.

 

Иш-чаранын соңунда ал бардык сыйлангандарга чың ден соолук, мындан аркы кесиптик ийгиликтерди жана бакубаттыкты каалады, ошондой эле алардын билими жана тажрыйбасы Мекендин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да кызмат кыла берээрине ишенимин билдирди.

 

                         Майрамыңыздар менен, урматтуу кесиптештер! Кыргыз Республикасынын Юристтер күнү менен!