Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун өкүлдөрү Дүйнөнүн башкы судьяларынын 25-эл аралык конференциясына катышты

29.11.2024



2024-жылдын 20-24-ноябрында чейин Индиянын Лакхнау шаарында Монтессори шаардык мектеби (CMS) тарабынан уюштурулган Дүйнөнүн башкы судьяларынын 25-эл аралык конференциясы болуп өттү.

Бул маанилүү иш-чарага Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын орун басары Дуйшеев Карыбек Арстанбекович жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Жолдошева Лунара Чаткалбековна катышты.

Дүйнө өлкөлөрүнүн жогорку сот органдарынын өкүлдөрүн чогулткан бул конференциянын темасы “Келечек үчүн башкаруу” болду. Адамзат үчүн, айрыкча балдар үчүн коопсуз жана ишенимдүү келечекти түзүүгө басым жасалды.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун өкүлдөрү конференциянын ишине активдүү катышты. К.А. Дүйшеев “Илим, технологиялар жана инновациялар, санариптик кызматташтык” сессиясында сөз сүйлөп, анда сот адилеттиги тутумуна заманбап технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду жана туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүүдө санариптик кызматташтыктын потенциалын баса белгиледи.

Л.Ч. Жолдошева “Жаштар жана келечек муун” аттуу параллель сессиясында сөз сүйлөп, анда жаштардын келечекти калыптандыруудагы ролун жана укуктук мамлекеттин принциптерине негизделген демократиялык коомду мындан ары курууга жардам бере турган негизги баалуулуктарды кийинки муунга сиңирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

63000дөн ашык окуучусу бар дүйнөдөгү эң ири мектеп катары Гиннесстин рекорддор китебине кирген – Монтессори (CMS) мектеби салттуу түрдө элдердин достугун өнүктүрүүгө жана ар кандай тармактарда тажрыйба алмашууга өбөлгө түзүүчү эл аралык иш-чараларды уюштурат. Анын сыйлыктарынын арасында – “Тынчтык духунда тарбия үчүн ЮНЕСКОнун премиясы жана “Ядросуз келечек” премиясы бар.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун өкүлдөрүнүн Дүйнөнүн башкы судьяларынын 25-эл аралык конференциясына катышуусу эл аралык укуктук байланыштарды чыңдоого жана сот адилеттиги жаатында кызматташууга көмөк көрсөтүүгө олуттуу салым болду.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту укуктук баалуулуктарды илгерилетүүгө жана сот адилеттиги чөйрөсүндө алдыңкы тажрыйба алмашууга көмөк көрсөтүү менен өлкөнү эл аралык аренада активдүү көрсөтүүнү улантууда.