Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 35 жылдыгына арналган эл аралык конференциянын пресс-анонсу

12.06.2025

2025-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасында «Жаңы демократиядагы өлкөлөрдө конституциялык сот адилеттигинин калыптанышы» деген темада эл аралык конференция өтөт, ал Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун түзүлгөнүнө 35 жылдыгына арналат.

Конференциянын максаты – конституциялык көзөмөл органдарынын ортосундагы диалогду бекемдөө, тажрыйба алмашуу, ошондой эле глобалдык өзгөрүүлөр шартында демократиялык институттардын алдында турган актуалдуу чакырыктарды талкуулоо.

Иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстанга 20 чет мамлекеттин делегациясы жана уюмдардын өкүлдөрү келет:

• Африка өлкөлөрүнүн Конституциялык юрисдикцияларынын конференциясы (CCJA)
• Азербайжан Республикасынын Конституциялык соту
• Австрия Республикасынын Конституциялык соту
• Грузиянын Конституциялык соту
• Казакстан Республикасынын Конституциялык соту
• Таиланд Королдугунун Конституциялык соту
• Монголиянын Конституциялык соту
• Беларусь Республикасынын Конституциялык соту
• Корея Республикасынын Конституциялык соту
• Молдова Республикасынын Конституциялык соту
• Румыниянын Конституциялык соту
• Россия Федерациясынын Конституциялык соту
• Түркиянын Конституциялык соту
• Өзбекстан Республикасынын Конституциялык соту
• Египеттин Жогорку Конституциялык соту
• Филиппиндин Жогорку соту
• Египеттин Жогорку Конституциялык соту
• Филиппиндин Жогорку соту
• Хорватиянын Конституциялык соту
• Евразия экономикалык бирлигинин соту
• Global South Network негиздөөчүсү, Улуу Британиядагы Лестер университетинин юридикалык факультетинин окутуучусу
• Дүйнөнүн Жогорку сотторунун башчыларынын эл аралык конференцияларынын долбоорунун жетекчиси (Индия)

Конференцияга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын, илимий жана эксперттик коомчулуктун, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Иш-чаранын программасында пленардык сессиялар, тематикалык панелдик талкуулар жана Конституциялык контролдоо органдарынын Евразиялык ассоциациясынын мүчөлөрүнүн Комитетинин жыйыны каралган.

Конференция – укуктун үстөмдүгүн, сот бийлигинин көз карандысыздыгын жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзгөн маанилүү эл аралык аянтча болуп калмакчы.