Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 35 жылдыгына арналган эл аралык конференциянын жыйынтыктары

2025-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 35 жылдыгына байланыштуу уюштурулган «Жаңы демократиядагы өлкөлөрдө конституциялык сот адилеттигин калыптанышы» темасындагы эл аралык конференция өз ишин аяктады.
Бул ири иш-чара конституциялык көзөмөл органдарынын, эл аралык уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана илимий коомчулуктун өкүлдөрүнүн ортосунда ачык жана мазмундуу диалог жүргүзүү үчүн маанилүү аянтча болду. Эки күндүк жигердүү иштин жүрүшүндө катышуучулар өз ара пикир алмашып, тажрыйбалары менен бөлүштү, азыркы конституциялык сот адилеттигинин алдында турган бир катар актуалдуу маселелерди көтөрүштү.
Демократиялык институттардын туруктуулугун камсыздоодо конституциялык соттордун ролун бекемдөө, жарандардын кайрылууларын кароо, сот процессин санариптештирүү жана эл аралык кызматташууну кеңейтүү менен байланышкан темалар өзгөчө кызыгуу жаратты.
Азыркы чакырыктар, анын ичинде технологиялардын тездик менен өнүгүшү, жеке маалыматтарды коргоо зарылдыгы, санариптик укуктар жана жаңы тобокелдиктерге укуктук чара көрүү маселелери өзүнчө бөлүктө талкууланды. Дал ушул маселелерде Конституциянын духун жана маңызын сактоо менен ийкемдүү жана натыйжалуу укуктук механизмдерди табуу маанилүү экендиги белгиленди.
Дискуссиялардын жыйынтыгы боюнча маанилүү келишимге – конституциялык көзөмөл органдарынын ортосунда, өзгөчө санариптик укуктар жана жарандардын жеке эркиндиги сыяктуу чөйрөлөрдө укуктук доктриналар жана ыкмалар боюнча үзгүлтүксүз тажрыйба алмашууну улантуу форматында – өз ара аракеттенүүнү бекемдөө келишимине жетишилди. Катышуучулар окутуучу иш-чараларды биргелешип өткөрүүгө, актуалдуу маселелер боюнча бирдиктүү позицияларды иштеп чыгууга жана ийгиликтүү тажрыйбалары менен бөлүшүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Конференциянын алкагында конституциялык көзөмөл органдарынын Евразиялык ассоциациясынын мүчөлөрүнүн Комитетинин (ЕАОКК) жыйыны өтүп, мындан аркы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары аныкталды жана жаңы демилгелерди ишке ашыруу пландары макулдашылды.
Эл аралык конференциянын ишине 17 өлкөнүн, алардын ичинде Филиппиндин Жогорку сотунун, Австрия, Түркия, Грузия, Казакстан, Корея Республикасы, Молдова, Өзбекстан, Монголия, Беларусь, Хорватия, Румыния жана башка өлкөлөрдүн конституциялык сотторунун, Евразия экономикалык бирлигинин сотунун делегациялары, ошондой эле Улуу Британия менен Индиянын академиялык чөйрөсүнүн өкүлдөрү жигердүү катышты.
Конференциянын катышуучуларынын эл аралык кеңири өкүлчүлүгү дүйнөлүк укуктук диалогдун толук укуктуу катышуучусу катары биздин өлкөнүн конституциялык контролдоо институтунун аброюн таануунун көрсөткүчү болуп саналат.