Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппараты ишембилик өткөрдү

Бишкек, 22 – март, 2025-жыл-экологиялык демилгенин алкагында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын кызматкерлери ишембилик уюштуруп, тегеректеги аймакты тазалашты.
Иш – чаранын максаты-айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, тазалыкты сактоо жана экологиялык маданиятты калыптандыруу. Ишембиликтин жүрүшүндө тротуарлар жана газондор таштандылардан жана жалбырактардан тазаланып, жашыл аянттар санитардык тазалоодон өткөрүлдү.
Конституциялык сот экология жана туруктуу өнүгүү маселелерине өзгөчө көңүл бурат, Анын ичинде айлана-чөйрөнү коргоого багытталган демилгелерди колдойт.
Конституциялык соттун аппараты бардык жарандарды айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого жана шаардын тазалыгын сактоого өз салымын кошууга чакырат.
Конституциялык сот-таза жана экологиялык таза чөйрө үчүн!