Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппараты ишембиликтерге активдүү катышууда
 
		14-сентябрдан тарта борбор калаада Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун “Улуттук тазалык күнү жөнүндө” Жарлыгын жана 2023-2025-жылдарга тиричилик таштандылары менен иштөө боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планын ишке ашыруунун алкагында демилгеленген ишембиликтердин сериясы өтүп жатат.
 
   
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппараты шаардагы экологиялык абалды жакшыртууга багытталган бул иш-чараларга активдүү кошулду.
Бүгүн, 21-сентябрда Конституциялык соттун кызматкерлери кайрадан ишембиликке чыгып, борбор калааны тазалоого жана көрктөндүрүүгө өз салымын кошушту. 
 
   
Ишембиликтерге катышуу-бул экологиялык демилгени колдоо гана эмес, шаардын санитардык абалын жакшыртууга салым кошуу.
 Конституциялык сот тазалыкты жана тартипти сактоо үчүн мындай акцияларга активдүү катышууну улантат.
 
   
Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча демилгелерге Сиз да кошулуңуз!
 
 
   




 
				






