Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппараты кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

27.01.2023

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппараты кадрлар резервине киргизүү үчүн улук административдик кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт.

 

Кадрлар резервине туруу үчүн талапкерлер кийинкидей квалификациялык талаптарга жооп бериш керек:

 

Жалпы мыйзамдардан төмөнкүлөрдү билүүсү зарыл:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  2. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  3. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  4. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  5. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасын.

 

1) Кызмат орундарынын улук топтору үчүн (экономика жана финансы жаатында) төмөнкүлөр болуш керек:

– экономика жана финансы жаатында жогорку кесиптик билим;

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес, тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 

Предметтик мыйзамдардан кийинкилерди билүүсү зарыл:

– “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;

– Кыргыз Республикасынын Салык кодексин;

– Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин;

– “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;

– Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын (ФОЭС);

– Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2022-жылдын                           18-февралындагы № 02-П токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Регламентин.

 

Билгичтиги:

– бөлүм ишинин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарын иштеп чыгуу;

– башкаруу көйгөйлөрүнө анализ жасоо, прогноздоо, жалпылаштыруу, мониторинг, контролдоо жана анын чечилишин издеп таба билүү;

– аналитикалык жана башка документтерди даярдоо;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана анын кесепеттерине жоопкерчиликтүү болуу;

– кызыкчылыктар кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында табуу жана чечүү;

– коюлган милдеттерди чечүү үчүн жаңычыл ыкмаларды пайдаланууга мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

– өзүнүн жана бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

– ведомство аралык аракеттенүү;

– кызыкчылыктарды жөнгө салуу.

 

Көндүмдөрү:

– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

– маалыматты анализдөө, систематизациялоо жана жалпылаштыруу;

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада пайдалануу;

– натыйжалуу мамилелерди түзүү, ишчил этикеттин, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүүнүн, коом алдында сүйлөөнүн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде ишчил сүйлөшүүлөрдү алпаруунун жана ишчил кат алышуунун ыкмаларын билүү;

– 1 С Ишкана программасы менен иштөө.

 

2) Кызмат орундарынын улук топтору үчүн (маалыматтык технологиялар жаатында) төмөнкүлөр болушу керек:

– маалыматтык технологиялар жаатында жогорку кесиптик билим;

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес, тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 

Предметтик мыйзамдардан кийинкилерди билүүсү зарыл:

– “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;

– Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2022-жылдын                            18-февралындагы № 02-П токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Регламентин.

 

Билгичтиги:

– бөлүм ишинин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарын иштеп чыгуу;

– башкаруу көйгөйлөрүнө анализ жасоо, прогноздоо, жалпылаштыруу, мониторинг, контролдоо жана анын чечилишин издеп таба билүү;

– аналитикалык жана башка документтерди даярдоо;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана анын кесепеттерине жоопкерчиликтүү болуу;

– кызыкчылыктар кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында табуу жана чечүү;

– коюлган милдеттерди чечүү үчүн жаңычыл ыкмаларды пайдаланууга мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

– өзүнүн жана бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

– кызыкчылыктарды жөнгө салуу;

– сервердик жабдыкты орнотуу/комплекстүү тейлөө;

– тармактык кабелди салуу;

– резервдик көчүрүү жана дайындарды калыбына келтирүү усулдарын колдонуу;

– тармактарды, сервердик жабдыкты, пайдалануучуларды жана уруксат берүү укугун тескөө;

– веб-сайтты иштетүү жана маалыматтык колдоо (веб-программалоо);

– маалыматтык коргоо каражаттарын жана алардын иштөө технологиясын колдонуу;

– 1 С ишкана программасын жана MySQL, MS SQL (артыкчылык берилет) билүү.

 

Көндүмдөрү:

– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

– бөлүмдү башкаруу (баш ийүүдөгү кызматкерлер ичинде тапшырмаларды жана милдеттерди рационалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана баамын өзүнүн баш ийүүсүндөгү кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, ыкчам даярдык, башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана усулдарын издөө);

– маалыматты анализдөө, систематизациялоо жана жалпылаштыруу;

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада пайдалануу;

– натыйжалуу мамилелерди түзүү, ишчил этикеттин, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүүнүн, коом алдында сүйлөөнүн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде ишчил сүйлөшүүлөрдү алпаруунун жана ишчил кат алышуунун ыкмаларын билүү;

– графикалык редакторлор, видеомонтаж менен иштөө.

 

Административдик кызмат орундарынын бардык топтору үчүн милдеттүү талаптар төмөнкүлөр:

 

  1. Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү керек.
  2. Комьютердик сабаттуулугу жана зарыл болгон программалык ишчил каражаттарды пайдалана билүүсү керек (Windows, Word, Excel, Power Point, «ТОКТОМ мамлекет Про» маалыматтык-укуктук тутуму, дайындардын электрондук базалары, электрондук документ жүгүртүү тутуму).

 

Сынакка катышуу үчүн ылдам тиккичте кийинкидей документтер тапшырылуусу зарыл:

 

– жеке арыз;

– сүрөтү бар резюме (электрондук дарек кошо көрсөтүлөт);

– өмүр баян (соттуулуктун бар-жогу тууралуу маалымат көрсөтүлөт);

– негизги жана кошумча билимди ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (болсо) нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлөт;

– эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо) нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлөт;

– илимий даражаны же илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (болсо);

– паспорт көчүрмөсү (сыннакка келген учурда түп нускасы көрсөтүлөт).

 

Документтер 2023-жылдын 27-январынан тартып 9-февралды, жумуш күндөрү дүйшөмбүдөн тартып жуманы кошкондо саат 9.00дөн 18.00гө чейин (түшкү тыныгуу 12:30дан 13:30га чейин) Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна, № 3 кабинетке Бишкек шаары Эркиндик бульвары, 39 дареги боюнча тапшырылат. Сурап билүү телефону: 62-19-97.