Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппараты жана Корея Республикасынын Конституциялык сотунун катчылыгы маалыматтык технологиялар жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту

28.05.2024

2024-жылдын 27-майында Сеул шаарында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппараты жана Корея Республикасынын Конституциялык сотунун катчылыгы маалыматтык технологиялар жаатында кызматташтыкты орнотууга жана өнүктүрүүгө багытталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум түзүштү. Меморандумга кол коюу ушул күндөрү Сеулда өтүп жаткан АКСТИ (Азия конституциялык сотторунун жана ага теңештирилген институттарынын ассоциациясы) 4-изилдөөчүлүк конференциясынын алкагында болуп өттү.

 

Конференция укук жана экологиянын өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүү аспектилерин талкуулоо үчүн алдыңкы эксперттер менен юридикалык коомчулуктун өкүлдөрүн бириктирип, “Конституциялык укуктар жана курчап турган чөйрөгө жеткиликтүүлүк” аттуу актуалдуу темага арналды.

 

Меморандумдун максаты – эки конституциялык соттун ортосунда алардын ички мыйзамдарына жана жоболоруна ылайык кызматташуу жана
өз ара аракеттенүүсү үчүн негиз түзүү. Эки тарап тажрыйба алмашуу жана сот ишине маалыматтык технологияларды киргизүү иштерди кароонун кыйла натыйжалуу жана ачык-айкын жол-жоболоруна өбөлгө болот деген ишенимин билдиришет.

 

Кызматташтыктын негизги багыттары төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Маалыматтык технологиялар жаатындагы саясат боюнча консультациялык колдоо;
  • Сот өндүрүшүндө жана күндөлүк иште маалыматтык технологияларды колдонуунун алдыңкы практикасы жана тажрыйбалары менен алмашуу;
  • Маалыматтык технологиялар жаатында билимдер менен алмашуу үчүн делегацияларды жана кызматкерлерди жиберүү;
  • Окутуу программаларын иштеп чыгууга жана маалыматташтыруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүү;
  • Тараптар жазуу жүзүндө макулдашкан кызматташуунун башка формалары.

 

Меморандумга Корея Республикасынын Конституциялык сотунун Башкы катчысы Ким Жанг Вон жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Аппарат жетекчиси Каныбек Масалбеков кол коюшту. Каныбек Масалбеков өз сөзүндө: “Бул Меморандум заманбап технологияларды киргизүү аркылуу сот системасын модернизациялоого болгон биздин жалпы умтулуубузду көрсөтөт, бул өз кезегинде сот адилеттигинин ачыктыгын, жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатат”.

 

 

Бул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө жана эки өлкөнүн сот системасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү маалыматтык технологиялар жаатындагы биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө карай маанилүү кадам болуп саналат.