Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун делегациясынын Россия Федерациясына жумуш сапары

26.09.2025

 

2025-жылдын 23-26-сентябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Эмиль Осконбаев башчылык кылган  соттун делегациясы Россия Федерациясынын Конституциялык сотунун чакыруусу боюнча эки өлкөнүн конституциялык көзөмөл органдарынын ортосунда 2016-жылы кол коюлган Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун алкагында жумушчу сапары менен Россия Федерациясында болду.

 

Делегациянын курамына Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары Мукамбет Касымалиев жана Жамил Шаршеналиев кирген.

 

Делегациянын мүчөлөрүнүн Россия Федерациясынын Конституциялык сотунун Төрагасы Валерий Зорькин жана РФ КС судьялары менен жолугушуулары  өттү. Тараптар конституциялык сот өндүрүшүнүн актуалдуу маселелерин, жарандардын жана уюмдардын даттанууларын кароо, укуктук системаны бекемдөө, ошондой эле эл аралык юридикалык форумдарда мындан аркы кызматташтыкты кеңейтүү  жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

 

Иш сапардын алкагында билим берүү ишине өзгөчө көңүл бөлүндү. 26-сентябрда Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Эмиль Осконбаев М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин юридикалык факультетине барып, профессордук-окутуучулар курамы менен жолугуп, студенттер үчүн лекция окуду. Өз сөзүндө ал Кыргызстанда конституциялык көзөмөлдүн калыптанышы, Конституциялык соттун укуктук тартипти камсыздоодогу, жарандарынын укуктары менен эркиндиктерин коргоодогу жана демократиялык институттарды чыңдоодогу ролу тууралуу айтып берди.

 

Бул жолугушуулар  ачык диалог, өз ара урматтоо жана конструктивдүү тажрыйба алмашуу духунда өтүп, Кыргызстан менен Россиянын конституциялык көзөмөл органдарынын ортосундагы эки тараптуу байланыштарды бекемдеп, кызматташуунун жаңы перспективаларын ачты.