Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун пресс – релизи
2025-жылдын 10-декабрында саат 10:00дө Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна корутунду берүү тууралуу сунушун кароого киришти.
Долбоор менен Конституциянын 25-беренесинин 1-бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү сунушталууда, ал балдарга карата жасалган сексуалдык мүнөздөгү өзгөчө оор кылмыштар, ошондой эле зордуктоо менен коштолгон өлтүрүү үчүн жазалоонун өзгөчө чарасы катары өлүм жазасын колдонуу мүмкүндүгү каралган.
Конституциялык соттун Регламентине ылайык, бул категориядагы иштер Конституциялык сот тарабынан жазуу жүзүндөгү жол-жобо боюнча каралат, анткени Президенттин корутунду берүү жөнүндөгү сунушу соттук талаш-тартыш мүнөзүндө эмес жана тараптардын катышуусун талап кылбайт.
Конституциялык сот тарабынан кароонун жыйынтыгы боюнча пресс-релиз берилет.







