Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары Дүйнөнүн башкы сотторунун 26-эл аралык конференциясына катышты
2025-жылдын 21-ноябрында Индиянын Лакхнау шаарында Дүйнөнүн башкы сотторунун 26-эл аралык конференциясы ачылышы болду. Бул иш-чара жыл сайын дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген судьяларды жана адистерди глобалдык укуктук чакырыктарды талкуулоо үчүн бириктирет. Конференциянын уюштуруучусу — Монтессори шаардык мектеби.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунан бул жылы судьялар Мукамбет Шадыканович Касымалиев жана Кырккелди Джумалиевич Кыдырбаев өкүлчүлүк кылды.
Юридика илимдеринин доктору, судья Кырккелди Кыдырбаев
«Соттор аралык кызматташтык жана талаш-тартыштарды эл аралык чечүү»
аттуу 5-параллелдик сессияда спикер болду. Өз баяндамасында ал Конституцияга болгон сый-урмат эл аралык укукка жана эл аралык сот органдарынын чечимдерине ишенимди бекемдерин, ал эми көзкарандысыз конституциялык адилеттик туруктуу жана бейпил мамлекеттүүлүктү калыптандырууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Судья Мукамбет Касымалиев «Көп тараптуулук жана таасири орто деңгээлдеги мамлекеттердин ролу» аттуу экинчи панелдик талкууда чыгып сүйлөдү. Ал күчтүү державалардын ортосундагы атаандаштык шартында «көп тараптуу боштук» пайда болуп, анда дал таасири орто деңгээлдеги мамлекеттер коалицияларды түзүүгө, иштөөчү эл аралык тармактарды колдоого жана глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдө байланыштыруучу звено болууга жөндөмдүү экендигин баса белгиледи.
Конференциянын алкагында эксперттер эл аралык сот институттарын бекемдөө, бирдиктүү укуктук стандарттарды иштеп чыгуу, сот адилеттигинин улуттук жана эл аралык органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүү зарылдыгын талкуулашты.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьяларынын катышуусу талкууларга практикалык мазмуундулук кошуп, Кыргызстандын эл аралык сот адилеттигине туруктуу мамилелерди түзүүгө жана мыйзам үстөмдүгүн алга жылдырууга активдүү катышууга болгон умтулуусун көрсөттү.








