Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы АКШда өткөн эл аралык конференцияга катышты
2024-жылдын 17-19-октябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Лунара Жолдошева Аял-судьялардын улуттук ассоциациясы (АСУА) тарабынан уюштурулган, АКШнын Калифорния штатынын Сан-Диего шаарында өткөн “Сот адилеттигинин өткөндөгүсүн, учурду жана келечегин байланыштыруу” темасында Ар жылдык эл аралык конференцияга катышты.
Иш-чара судьялардын кесиптик квалификациясын жогорулатууга, ошондой эле кыйла адилеттүү жана инклюзивдүү сот системасын түзүүгө өбөлгө болгон стратегияларды иштеп чыгууга багытталган билим берүү программаларын талкуулоо үчүн уникалдуу аянтчаны түзүп, ар кайсы өлкөлөрдөн келген 500дөн ашык судьяларды жана укук коргоочуларды бириктирди.
Аталган конференциянын алкагында катышуучулар сот адилеттигине жетүү, жасалма интеллект, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү, иммиграция, адамдарды сатуу жана калктын аярлуу топторун коргоону күчөтүү зарылдыгы, ошондой эле адилеттүү сот чечимдерин кабыл алуу жана тең укуктуу сот системасын түзүү сыяктуу глобалдык көйгөйлөрдү талкуулашты. Күн тартиби боюнча конференциянын темасынын актуалдуулугуна байланыштуу, өткөндөгүнүн топтолгон тажрыйбасын жана заманбап инновацияларды эске алуу менен азыркы чакырыктарга жана сот системасын өнүктүрүүнүн жолдоруна талдоо жүргүзүлдү.
Лунара Чаткалбековна эл аралык кызматташтыкка жана тажрыйба алмашууга тиешелүү талкууларга активдүү катышты, бул башка өлкөлөрдөн келген кесиптештери менен өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө мүмкүндүк берди. Бул иш-чара ошондой эле эл аралык байланыштарды кеңейтүүгө жана актуалдуу укуктук маселелерди чечүүдө жаңы ыкмаларды үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Конференция башталганга чейин эл аралык катышуучулар үчүн INL Билимдерди башкаруу агенттигинин колдоосунда окуу сапары уюштурулду.
Сапардын алкагында Лунара Жолдошева жана башка чет өлкөлүк соттордун өкүлдөрү сот отурумдарына катышып, АКШнын федералдык жана мамлекеттик сотторунун өкүлдөрү менен жолугушуп, калктын аярлуу топторун колдогон уюмдар менен өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашып, тажрыйба алмашуу, алдыңкы соттук тажрыйбаларды үйрөнүү үчүн мүмкүнчүлүк түзүлдү.