Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Чинара Айдарбекова Астанада өткөн «Тынчтык жана келечекке укук аркылуу» аталыштагы конституциялык сот адилеттигинин эл аралык форумунда баяндама жасады

2025-жылдын 11–12-сентябрында Астана шаарында Казакстандын Конституциясынын 30 жылдыгына арналган «Тынчтык жана келечекке укук аркылуу» аталыштагы конституциялык сот адилеттигинин эл аралык форуму болуп өттү.
Иш-чарага Европанын, Азиянын жана Африканын 15 өлкөсүнөн 150дөн ашуун катышуучу — конституциялык көзөмөл органдарынын төрагалары жана судьялары, адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуулар, белгилүү укук таануучулар, эл аралык уюмдардын, ошондой эле укук коргоо уюмдарынын жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрү чогулушту.
Форумдун алкагында тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөөдө, адам укуктарын коргоодо жана демократиялык институттарды өнүктүрүүдө укуктун ролунун негизги маселелери талкууланды. Катышуучулар глобалдуу чакырыктар шартында дал конституциялык юстиция адилеттүүлүктүн, теңчиликтин жана мамлекеттик башкаруунун алдын ала болжолдуулугунун кепилдиги болоорун белгилешти.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Чинара Айдарбекова «Мыйзам жана тартип — тынчтыктын негизги: адам укуктарын урматтоо жана мамлекеттин туруктуулугу» деген темадагы пленардык сессияда баяндама жасады. Баяндамада ал укуктун үстөмдүгү мамлекеттин туруктуулугунун жана адам укуктарын урматтоонун негиз түзүүчүсү болуп саналаарын баса белгиледи. Ошондой эле, ал Конституциялык соттор мамлекеттин кызыкчылыктары менен жеке инсандын укуктарынын ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылуу миссиясын аткарат, укуктардын негизсиз чектелишине жол бербейт жана мыйзамга карата урматтоо маданиятын калыптандырууга өбөлгө түзөт, – деди.
Судья Ч.Айдарбекова өз баяндамасында жарандардын аярлуу категорияларын коргоо жана сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун иш тажрыйбасынан мисалдарды келтирди. Ал соттун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын, алардын шайлоо укуктарын коргоого, пикир айтуу эркиндигине байланышкан чечимдерин белгилеп өттү. Мындай чечимдер коомдун мамлекеттик институттарга болгон ишенимин чыңдап, социалдык гармонияны өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
Эл аралык форум ар кандай өлкөлөрдүн конституциялык юрисдикцияларынын ортосунда тажрыйба алмашуунун жана диалогду өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн тастыктады, бул укуктук тартипти, мамлекеттер аралык ишенимди чыңдоого жана коомдун туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.