Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы авиакырсыкка байланыштуу Азербайжандын Элчилигине барды

27.12.2024

2024-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Эмиль Жолдошович Осконбаев Embraer 190 учагы кырсыкка учурагандыгына байланыштуу көңүл айтуу үчүн Азербайжан Республикасынын Элчилигине барды.

Эмиль Жолдошович Конституциялык соттун атынан Аза күтүү китебине жакындарын жоготкон адамдарга терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандарга тез сакайып кетүүнү тилеген билдурүү калтырды.
190.