Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы БУУнун системасынын өкүлдөрү менен жолугушту
2025-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Эмиль Осконбаев Бириккен Улуттар Уюму системасынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору Антье Граве жана БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын Борбор Азиядагы башкармалыгынын аймактык өкүлү Матильда Богнер менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуу учурунда тараптар Кыргыз Республикасында өлүм жазасын калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн караган мыйзам долбоорлоруна байланыштуу маселелерди талкуулашты. Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү бул маселеге тынчсыздануусун билдирип, Кыргыз Республикасы өлүм жазасын колдонууга шартсыз тыюу салууну караган бир катар эл аралык келишимдердин катышуучусу экендигин белгилешти. Алар эл аралык милдеттенмелерге берилгендикти сактоонун, гуманитардык баалуулуктарды чыңдоонун жана адам укуктары чөйрөсүндөгү стандарттарды ырааттуу сактоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
Конституциялык соттун Төрагасы Эмиль Осконбаев өз кезегинде, сот бийлигинин көз карандысыздыгынын принциптеринен жана процесстик калыстыктын талаптарынан улам Конституциялык соттун судьялары соттун кароосунун предмети болушу мүмкүн болгон маселелер боюнча өз позициясын билдире албай тургандыгын белгиледи. Ал, бул суроо-талап келип түшкөн жана өндүрүшкө кабыл алынган учурда БУУ системасынын профилдик органдары Конституциялык сотко өз расмий пикирин белгиленген тартипте бере аларын жана ал судьялар тарабынан ар тараптуу изилденээрин баса белгиледи. Жол-жобого ылайык, Конституциялык сот тийиштүү суроо-талап келип түшкөн учурдан тартып эки айдын ичинде корутунду чыгарат.
Жолугушуунун жүрүшүндө укуктук агартуу жаатында андан аркы кызматташуунун багыттары да талкууланды. Конституциялык жана эл аралык укук боюнча биргелешкен билим берүү иш-чараларын жана семинарларды, анын ичинде болочок парламентарийлер жана юридикалык факультеттердин студенттери үчүн өткөрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар мындай демилгелерди өнүктүрүү укуктук маданиятты калыптандырууга, конституциялык баалуулуктарды бекемдөөгө жана укуктун үстөмдүгү принциптерин илгерилетүүгө өбөлгө түзөөрүн белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча катышуучулар ачык жана конструктивдүү диалогго берилгендигин ырасташты, ошондой эле адам укуктарын илгерилетүүгө жана Кыргыз Республикасынын укуктук системасын эл аралык стандарттарга ылайык өркүндөтүүгө багытталган кызматташтыкты улантууга даяр экендигин билдиришти.






