Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун тажрыйбасы Сеулдагы AACC SRD симпозиумунда сунушталды

03.09.2025

 

2025-жылдын 25-28-августунда Корея Республикасынын Сеул шаарында Азия конституциялык сотторунун жана ага теңештирилген  институттарынын ассоциациясынын (AACC SRD) Изилдөөлөр жана өнүгүү боюнча катчылыгынын 5-эл аралык симпозиуму болуп өттү.

 

Бул эл аралык форумга Кыргызстандын атынан Конституциялык соттун судьялары Мукамбет Шадыканович Касымалиев жана Кырккелди Джумалиевич Кыдырбаев катышты.

 

Бул жылы өткөн  симпозиумдун негизги темасы Жеке жашоо-турмушка  болгон укук болду. Жумушчу сессиялардын жүрүшүндө  бул укуктун негизги түзүүчү элементтери, аларды мыйзамдуу чектөө чектери жана катышуучу өлкөлөрдөгү актуалдуу соттук практика  менен байланышкан маселелер талкууланды.

 

Конституциялык соттун судьясы Кырккелди Кыдырбаев “Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун укуктук позицияларында чагылдырылган, санариптештирүү шартында жеке турмуштун кол тийбестигинине конституциялык укукту ишке ашыруунун айрым концептуалдык ыкмалары жөнүндө”  деген темадагы доклад жасады. Докладда ал санариптик технологиялар доорунда жеке жашоо-турмуштун кол тийбестигине укукту камсыздоонун өзгөчө актуалдуулугун жана маанилүүлүгүн белгилеп, глобалдык санариптештирүүгө байланыштуу келип чыккан  чакырыктарга токтолду жана бул укукту коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тарабынан иштелип чыккан ыкмалар  жөнүндө айтып берди.

 

Симпозиумдун программасы изилдөө сессияларын, пленардык жыйынды жана Ассоциацияга мүчө мамлекеттердин ортосунда өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташууну бекемдөөгө багытталган маданий иш-чараны камтыды.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун AACC SRD алкагындагы иш-чараларга катышуусу эл аралык укуктук диалогду өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана адам укуктарынын негизги эркиндиктерин камсыздоо жана коргоо боюнча жалпы мамилелерди калыптандырууга өбөлгө түзөт.