Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциясы күнүңүздөр менен!

04.05.2025

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди эң маанилүү мамлекеттик майрамдардын бири — Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Элдин эрки менен кабыл алынган Баш мыйзам — биздин мамлекеттүүлүгүбүздүн пайдубалы, туруктуу өнүгүүнүн укуктук негизи, ар бир жарандын эркиндигинин, аброюнун жана адилеттүүлүктүн кепилдиги болуп саналат. Бул жөн гана мыйзамдын тексти эмес — бул биздин жалпы баалуулуктарды, умтулуубузду жана келечек муундардын алдындагы жоопкерчиликти билдирет.

Конституция мыйзамдын үстөмдүгү жана адам укуктарын коргоо шартсыз артыкчылык болуп саналган укуктук мамлекетти куруу идеясынын айланасында — баарыбызды, түрдүү көз караштагы, ар кандай кесиптеги жана ар кыл маданияттын өкүлдөрүн бириктирет. Анткени күчтүү өлкө — бул экономикалык гүлдөп-өнүгүү гана эмес, ошондой эле туруктуу демократиялык институттар, көз карандысыз сот жана инсанды урматтоо экендигин ар дайым эсибизге салат.

Конституциялык сот — жогорку конституциялык көзөмөл органы катары — негизги укуктар менен эркиндиктер үчүн калка, укуктук тартип үчүн тирек болуу менен, татаал укуктук жана коомдук маселелерде туура багытты көрсөткөн компас болуп кызмат кылат.

Ушул маанилүү күнү бардык жарандарга бейпил жашоону, эртеңки күнгө болгон ишеничти жана мыйзамдын күчүнө бекем ишенимди каалайм. Конституция элдин эркин чагылдырган, адилеттүү, укуктук жана күчтүү Кыргызстанды өнүктүрүүгө кызмат кылган жандуу документ бойдон кала берсин!

Майрамыңыздар менен, урматтуу мекендештер!

Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын
Конституциялык сотунун Төрагасы
Эмиль Осконбаев