“Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна корутунду берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу боюнча пресс-анонс
Конституциялык сотко «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна корутунду берүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасы келип түштү.
Долбоор менен Конституциянын 25-беренесинин 1-бөлүгүнө балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү өзгөчө оор кылмыштар, ошондой эле зордуктоо менен коштолгон өлтүрүү үчүн жазалоонун өзгөчө чарасы катары өлүм жазасын колдонуу мүмкүнчүлүгүн караган өзгөртүү киргизүү сунушталууда.
Тиркелген материалдарда көрсөтүлгөндөй, бул демилге балдарга жана аялдарга каршы өзгөчө оор кылмыштардын санынын өсүшү менен шартталган жана алардын конституциялык-укуктук жактан корголушун күчөтүүгө багытталган.
Сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелери менен байланышкан маселелерди кийинки укуктук жана башка зарыл болгон жол-жоболордун алкагында чечүү болжолдонууда.
Кыргыз Республикасынын Президенти Конституциянын 116-беренесинин 4-бөлүгүн жетекчиликке алып, аталган Мыйзам долбооруна расмий корутунду берүү суроо-талабын жөнөткөн.






