Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 397-беренесинин 4-бѳлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

23.09.2022

Конституциялык сот: жабырлануучуга жазык процессинин калган катышуучулары менен бирдей эле тергөө судьясынын токтомуна апелляциялык тартипте даттануу укугу берилди

 

2022-жылдын 21-сентябрында Конституциялык сот А.С. Турдубаевдин жана анын кызыкчылыгындагы Н.Т. Эгетаевдин, М.М. Жорокуловдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 397-беренесинин 4-бѳлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты.

Конституциялык сот, талашылып жаткан ченем  жабырлануучунун тергөө судьясынын токтомуна апелляциялык тартипте даттануу укугун камтыбаган даражада КР Конституциясынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө, 100-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деген тыянакка келди.

Конституциялык контрол органы өз чечиминде, Конституциянын 61-беренесинин 1-бөлүгү менен кепилденген сотко чейинки өндүрүш этабындагы соттук коргоого болгон укукту ишке ашыруу кылмыш-жаза процесстик мыйзамдарда соттук контролду, анын ичинде ыйгарым укуктуу кызмат адамдардын процесстик аракеттеринин/аракетсиздиктеринин жана чечимдеринин мыйзамдуулугуна да соттук көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу тергөө судьясынын институтун бекитүү жолу менен камсыз кылынган деп белгиледи.

Ал тарабынан ишке ашырылып жаткан соттук контрол, биринчи кезекте, сотко чейинки өндүрүш стадиясында адамдын бузулган укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын токтоосуз калыбына келтирүүгө багытталган сот бийлигинин өз алдынча функциясы болуп саналат.

Ошол эле учурда, бул, сотко чейинки өндүрүштү соттук контролдоонун максаттуу орнотмолорунан четтөө мүмкүн эмес дегенди билдирбейт, анткени тергөө судьясы башка адамдар сыяктуу эле ката кетирүүдөн корголгон эмес. Соттук каталардын мүнөзү иштин чыныгы жагдайларынын реалдуулугун тактоодогу кыйынчылыктар менен гана эмес, ошондой эле укук колдонуунун татаалдыгы менен шартталган. Мына ушундан улам, Баш Мыйзам аларды оңдоонун жана ишти жогору турган соттун кайра кароосу аркылуу жоюунун туура иштеген механизмин укук тутумуна киргизүүнү талап кылат.

 

Мыйзам чыгаруучу, сотко чейинки өндүрүш этабынын айыптоо тарабындагы жазык процесстин катышуучусу катары, жабырлануучу тарап үчүн өзгөчө маанилүүлүгүн таануу менен кылмыш-жаза процесстик мыйзамдарда анын процесстик укуктарынын кеӊири тизмесин караштырган.

Бирок КЖПКнын талашылып жаткан ченеминде жабырлануучу тараптын тергөө судьясынын токтомуна даттануу укугу каралган эмес, ошентип, жабырлануучуда прокурор аркылуу гана ага даттануу мүмкүнчүлүгү калат.

Ошону менен бирге, прокурор – бул өз ыйгарым укуктарынын алкагында мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыра турган кызмат адам, анын жүрүшүндө прокурордун көз карашы жабырлануучу тараптыкынан айырмаланышы мүмкүн. Мындай жагдайда жабырлануучу тергөө судьясынын токтомуна апелляциялык тартипте даттануу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышы мүмкүн.

Ошентип, укук субъекттеринин укуктарынын жана милдеттеринин айырмачылыгына алып келүүчү укуктук жөнгө салуунун ар кандай дифференциациясы мыйзам чыгаруучу тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын, анын ичинде тең укуктуулук принцибинен келип чыккан талаптарды сактоо менен жүзөгө ашырылууга тийиш, аларга ылайык, эгерде айырмачылыктар объективдүү акталган жана негизделген болсо, конституциялык маанилүү максаттарды көздөсө, ал эми бул максаттарга жетүү үчүн колдонулган укуктук каражаттар аларга өлчөмдөш болсо, аларга жол берилет.

Тергөө судьясынын токтомуна даттануу маселесин жөнгө салуудагы, мындай укукту жабырлануучу жана анын адвокатын кошпостон, шектүүгө, айыпталуучуга, алардын адвокаттарына, прокурорго, ошондой эле мүлкүнө камак салынган жактарга гана берген, талашылып жаткан ченем менен орнотулган дифференциацияланган мамиле, конституциялык маанилүү негиздергее ээ эместиги, демек, Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келүүсү келип чыгат.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, соттук коргоого болгон укук жана тараптардын тең укуктуулугу менен атаандаштык принциби тууралуу конституциялык кепилдиктерди жүзөгө ашыруу, тергөө судьясынын актысы менен түздөн-түз укуктары жана эркиндиктери козголгон жабырлануучу тарап жана анын мыйзамдуу өкүлдөрү анын токтомуна даттануу укугуна ээ болгон учурда гана толук кандуу болуп эсептелиши мүмкүн деп белгилейт.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Конституциялык соттун Чечиминин жүйөлөштүрүүчү бөлүгүндө баяндалган укуктук көз карашты жүзөгө ашырууга багытталган тиешелүү ченемдик укуктук акттын долбоорун бекитилген тартипте иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин кароосуна киргизүү тапшырмасы берилди.

Жабырлануучунун сотко чейинки өндүрүш стадиясындагы укуктарын толтуруу маселесин кийинкиге калтырып коюу болбой турганын эске алуу менен, Конституциялык сот талашылып жаткан ченемди Конституцияга ылайык келтиргенге чейин, укук колдонуучу органдар жабырлануучу тарапка Конституциянын жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Чечиминин негизинде тергөө судьясынын токтомуна апелляциялык тартипте даттануу укугун берүүгө милдеттүү деп токтом кылды.