«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 6-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз
18.05.2022
Конституциялык сот 2022-жылдын 27-апрелинде А.К. Алагушев жана Н.К. Сыдыковдун кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 6-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.
Конституциялык сот талашып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Баш Мыйзамынын жоболоруна карама-каршы келбейт деген тыянакка келди.
Конституциялык сот өз чечиминде Конституциянын 32, 33-беренелери менен кепилденген сөз эркиндиги жана маалымат эркиндиги анык маалыматты гана эмес, ошондой эле көбүнө эл алдында уятка калтыруу жана мазактагандай көрүнүүчү күмөндүү маалыматты да эркин жайылтууга, жүйөлүү пикирлерди гана эмес, адашкан, ката жана маанисиз идеяларды, ойлорду айтууну коргоого жана башкаларга таңуулоого болгон укук түшүнүлөт деп белгиледи. Ушул себептен абсолюттук сөз эркиндигин коомдун турмушундагы жалаң оң көрүнүш катары кароого болбойт.
Бирок шайлоо алдындагы үгүт шайлоонун ажырагыс элементи болуп саналгандыктан жана мамлекеттик бийлик органдарын мыйзамдаштырууда негизги ролду ойногондуктан, бүткүл коомдун кызыкчылыктары үчүн кайтарылгыс кесепеттерге жол бербөө үчүн ал мамлекеттин көңүл чордонунда болбой кое албайт. Бул ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттерде демократиялык шайлоолордун, шайлоо укуктары жана эркиндиктеринин стандарттары жөнүндө Конвенциянын (13-берененин 6-пункту) жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын (28-беренесинин 2-бөлүгү) үгүт иштерин жүргүзүүдө сөз эркиндигин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбестик жоболорунан келип чыгат. Демек, шайлоонун алдында жана шайлоо учурунда сөз эркиндигине кадимки шарттарда ылайыксыз боло турган айрым чектөөлөр коюлушу мүмкүн.
Мамлекет элдин эркин жана анын бийлигин чыныгы билдирүүгө көмөктөшүп, шайлоочулардын зарыл активдүүлүгүн, шайлоолордун туруктуулугун жана мезгилдүүлүгүн камсыз кылуу максатында калкты шайлоо маселелери боюнча маалымдоо үчүн бардык чараларды көрүүгө милдеттүү. Ал эми шайлоо процессинин катышуучуларына маалымат талаасын акысыз пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилгендиктен, мамлекет алар үчүн бирдиктүү жүрүм-турум эрежелерин белгилөөгө укуктуу. Мында мамлекет эл аралык стандарттарга таянат, алардын маңызы шайлоо өнөктүгү жоопкерчиликтүү мүнөзгө ээ болууга тийиш; эч бир талапкер мамлекет тарабынан акысыз берилген маалымат булактары аркылуу жалган, жалаа жапкан билдирүүлөрдү жасабашы, ошондой эле массалык бурмалоого алып келе турган аткарылбас убадаларды бербеши керек.
Колдонуудагы мыйзамдар менен шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн мазмунун, формаларын жана ыкмаларын аныктоодо өз алдынчалык түрүндөгү артыкчылыктардын кеңири арсеналы каралган, өз кезегинде аларга талашып жаткан ченемдин жөнгө салуучу таасири тарабайт, ал бюджеттик каражаттардын эсебинен мамлекет тарабынан уюштурулган иш-чаралар менен чектелет.
Ошентип, жогоруда аталган максаттар үчүн мамлекет тарабынан белгиленген талаптар шайлоо процессинин катышуучуларынын шайлоочуларды шайлоого катышып жаткан башка талапкерлерге, саясий партияларга карата алардын позициясы жана көз карашы менен тааныштыруу мүмкүнчүлүгүн чектебейт, антпесе бул сөз эркиндигин жана өз пикирин эркин билдирүү эркиндигин ченемсиз чектөөгө алып келмек, демек, аларды Конституцияга карама-каршы келет деп таанууга болбойт.
Ошол эле учурда мындай талаптарды белгилөөдө мыйзам чыгаруучу укуктук аныктык принцибин жетекчиликке алышы керек, башкача айтканда, алар укуктук ченемдердин ачык-айкындыгы жана эки маанилүү эместик талаптарына жооп бериши керек. Эркин, адилеттүү жана таза шайлоону камсыз кылуу максатында жалган маалыматты шылтоо кылып, ой, пикир жана сөз эркиндиги менен корголгон пикирлерди (баалоо ой-пикирлер) билдирүү мүмкүнчүлүгү жабылбашы керек. Мыйзам чыгаруучунун шайлоонун коомдук-укуктук маанисине, ошондой эле маалымат булактарына жетүү бюджеттик каражаттардын эсебинен берилгендигине кайрылуусу мыйзам чегинде болгон сын пикирлерди билдирүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгара турган жүрүм-турум эрежелерин киргизүүнү актай албайт.
Конституциялык сот талашып жаткан ченемде мыйзам чыгаруучунун «... мүмкүн болуучу терс натыйжаларды...», «... көз көрүнөө басымдуулук кылган...» деген туюндурмаларды колдонуусу жогоруда аталган принциптин талаптарына жооп бербейт жана ар кандай чечмелөөгө жана ыктыярдуу укук колдонууга мүмкүндүк берет, ошого жараша, мыйзамдык түзөтүүгө жатат деп белгиледи.