Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 87-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

30.06.2022

2022-жылдын 29-июнунда Конституциялык сот Жалал-Абад шаардык сотунун судьялары А. Калмамат уулу жана А.А. Апысованын суроо-талабына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 87-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты.

 

Конституциялык сот талашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 3, 4, 5-бөлүктөрүнө, 31-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деген тыянакка келди.

 

Конституциялык контролдоо органы өзүнүн чечиминде мамлекеттик бюджет – коомдук иштин бардык чөйрөлөрүндө мамлекеттик милдеттерди ишке ашыруунун ажырагыс атрибуту жана негизги куралы болуп санала тургандыгын белгиледи.

 

Мамлекеттин иштешин камсыз кылуу жана мамлекеттик функцияларды аткаруу (мамлекеттик бюджеттин чыгашалары) зарылчылыгы менен байланышкан мамлекеттин турмуштук маанилүү чыгымдарын кармап туруу максатында аларды кийин бөлүштүрүү үчүн мамлекет белгилүү бир сумманы (мамлекеттик бюджеттин кирешелерин) жыйнайт.

 

Мында салыктар мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүдө башкы ролду ойнойт. Алсак, Кыргыз Республикасында 82%га жакыны салыктык түшүүлөрдөн, ал эми салыктык эмес кирешелер менен бирге 94%га жакыны мамлекеттик бюджеттин эсебинен түзүлөт (2022-жылдын 17-январындагы №1 "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзам).

 

Мына ошондуктан Конституциянын ар бир адам Конституцияны жана мыйзамдарды сактоого милдеттүү деген 53-беренесинин 3-бөлүгү менен өз ара байланыштагы анын 50-беренесинен келип чыккан салыктарды жана жыйымдарды төлөө боюнча конституциялык милдет түздөн-түз жана шексиз талап катары бардык салык төлөөчүлөргө жайылтылат. Бул салык төлөө милдеттенмеси аткарылбаган же талаптагыдай эмес аткарылган учурда өндүрүп алуу милдеттүүлүгүнүн шексиздиги болуп саналат: салык төлөөчү салыкты төлөөгө кандай милдеттүү болсо, мамлекетке да аны өндүрүп алуу боюнча милдет жүктөлгөн.

 

Ошентип, мыйзам чыгаруучу салыктарды төлөөгө милдеттүүлүк принцибинин иштешин камсыз кылуу менен салык төлөөчүнү салыктын тийиштүү суммаларын төлөөгө мажбурлоого багытталган превентивдүү мүнөздөгү аргасыз кылуу чараларын белгилеген.
Ошондуктан, ар бир адамдын салыктарды жана жыйымдарды төлөө боюнча конституциялык милдеттерин аткарууну камсыз кылуу зарылчылыгынан келип чыккан 1000 эсептик көрсөткүчтөн ашкан салык карызы бар салык төлөөчүнүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгуу укугун чектөө Конституциянын жоболоруна карама-каршы келбейт, бул мамлекеттин улуттук коопсуздугунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган экономикалык коопсуздуктун зарыл негизи катары салыктардын укуктук табияты менен шартталган.

 

Ошону менен бирге Конституциялык сот укуктарды жана эркиндиктерди чектөө мыйзамдуулук принцибине ылайык келиши керек болгондуктан, ошондой эле мындай чектөөнү алдын ала көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында мыйзам чыгаруучуга мыйзам чыгаруу техникасынын эрежелерине ылайык, укуктук чектөөлөрдү так ченемдик регламентациялоону орнотуу, тактап айтканда доону камсыз кылуу боюнча чара катары Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгуусун чектөө катары салык милдеттенмесинин аткарылышын камсыз кылуунун мындай ыкмасын жүзөгө ашыруунун процесстик формасын камсыз кылуусу зарыл.

 

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине белгиленген тартипте Конституциялык соттун чечиминин жүйөлөштүрүлгөн бөлүгүндө белгиленген укуктук позицияны ишке ашырууга багытталган тиешелүү ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү тапшырылды.