Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын судьяларынын XII курултайы болуп өттү

04.03.2022

 

2022-жылдын 4-мартында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Кыргыз Республикасынын судьяларынын XII курултайы болуп өттү.

 

Курултайга Конституциялык соттун төрагасы, судьялары, аппарат жетекчиси, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьялары, Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин төрагасы, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, Башкы прокурор, Президенттин Администрациясынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана башка чакырылган коноктор катышты.

 

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө соттордун калыстыгына, иш билгилигине, адилеттүүлүгүнө көлөкө түшүрө турган аракеттер, судьялардын жүрүм-турумунун этикалык нормаларынын бузулушу жана башка терс көрүнүштөр жеке судьянын гана аброюна шек келтирбестен, жалпы мамлекеттин жана Президенттин беделине дагы шек келтирерин айтты.

 

Президент жакынкы арада Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун жана Жогорку Сотунун жетекчилиги алмаштырылганын, ошол жетекчи кызматтарга жалпы сот системасы үчүн чындап күйгөн, анын ишин алдыга жылдырууга кудурети жете турган, тажрыйбалары зор, таза, потенциалы күчтүү, амбициялуу адамдар келгендигин белгиледи. “Сиздерге жеке мен эле эмес, бүткүл кыргыз эли чоң үмүт артып олтурат. Андыктан, элдин үмүт-тилегин актап иштешиңер керек! Силердин ары татаал, ары жоопкерчиликтүү ишиңерге ийгиликтерди каалайм”, - деди Президент.

 

Президент өз сөзүндө сотторду тандоо, кадрдык ресурстардын деңгээлин жана судьялардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу, сот процессинин ачык-айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн сот системасын санариптештирүү маселелерин да белгиледи.

 

Курултайдын экинчи бөлүгүндө судьялар Судьялар кеңешинин отчетун угуп, анын Регламентин бекитишти, Судьялар кеңешинин жаңы курамын жана анын резервин шайлашты.

 

Иш-чаранын соңунда судьялардын XII курултайынын Резолюциясы кабыл алынды.