Меню навигации+

Кыргызстан эл аралык укуктук платформада: Стамбулда өткөн мааракелик иш-чараларга жана симпозиумга катышуу

29.04.2025

2025-жылдын 25-27-апрель күндөрү Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Э. Ж. Осконбаев жетектеген Конституциялык соттун делегациясы Түркия Республикасынын Стамбул шаарында өткөн Түркиянын Конституциялык сотунун түзүлгөндүгүнүн 63 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышты.

Ачылыш аземине Түркия Республикасынын Президенти Реджеп Тайип Эрдоган катышты. Иш-чаранын программасы «XXI кылымдагы конституциялык сот адилеттигинин келечеги» темасындагы эл аралык симпозиумду да камтыды, бул пикир жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча болду. Ага 40 ашык өлкөнүн конституциялык сотторунун жана ага теңештирилген органдарынын өкүлдөрү катышты.

Программаны негизги учурларынын бири – Түрк дүйнөсүнүн (TÜRK-AY) Конституциялык юрисдикцияларынын конференциясынын Мүчөлөр кеңешинин атайын сессиясы болду, анын алкагында Түркиянын Конституциялык сотунан Азербайжан Республикасынын Конституциялык сотуна төрагалыкты салтанаттуу өткөрүп берүү аземи өттү.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Эмиль Осконбаев өзүнүн сөзүндө кесиптештерин юбилейи менен куттуктап, мамлекеттер ортосундагы укуктук кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал мындай эл аралык платформалар ачык диалог жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн түзүп, конституциялык көзөмөл институттарын өнүктүрүүгө, укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө жана адам укуктарын коргоого өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.

“Мындай эл аралык платформалардын алкагында жүргүзүлгөн биргелешкен аракеттер биздин өлкөлөрдүн укуктук системасын чыңдайт, ошондой эле конституциялык сот адилеттиги чөйрөсүндөгү кызматташууну тереңдетет деп ишенебиз, бул өз кезегинде укуктук институттардын мындан аркы өркүндөшүн жана жарандардын укуктарын натыйжалуу коргоону камсыз кылат”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Эмиль Осконбаев.