Кыргызстан Конституциялык сот адилеттиги боюнча дүйнөлүк конференциянын VI конгрессине катышты
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары Меергүл Бобукеева жана Лунара Жолдошева Испания Королдугунун Конституциялык сотунун чакыруусу боюнча Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын колдоосунда 2025-жылдын 28-30-октябрында Мадридде (Испания) өткөн Конституциялык сот адилеттиги боюнча дүйнөлүк конференциянын VI Конгрессине катышты.
“Келечек муундун адам укуктары” темасындагы Конгресстин ишине конституциялык соттордун 88 делегациясы, жалпысынан 300гө жакын адам катышкан. Аталган теманын алкагында экологиялык, маданий жана санарип укуктарды коргоо, ошондой эле сот бийлигинин көз карандысыздыгын чыңдоо маселелери талкууланды.
Катышуучулар Конституциялык сот адилеттиги боюнча дүйнөлүк конференциянын алкагында өз ара аракеттенүү, башка регионалдык жана лингвистикалык топтор менен кызматташуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле 2026-жылга биргелешкен иш-чаралардын планын макулдашты.
Конгресстин аянтчаласында кызматташуунун алкагында, 2025-жылдын 28-октябрында конституциялык көзөмөл органдарынын Евразия ассоциациясынын комитетинин жыйыны гибриддик форматта өттү. Жыйынга тогуз мамлекеттин – Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Тажикстан, Өзбекстан (офлайн), ошондой эле Беларусь жана Россия Федерациясынын конституциялык сотторунун өкүлдөрү (онлайн) катышты.
Форумдун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган Мадрид коммюникеси конституциялык соттордун адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоодогу ролунун маанилүүлүгүн, ошондой эле алардын келечек муун алдындагы жоопкерчилигин тастыктады.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун бул иш-чараларга катышуусу Кыргызстандын конституциялык сот адилеттиги органдарынын эл аралык коомчулуктагы позициясын бекемдеди жана глобалдык соттук диалогдун өнүгүшүнө салым болду.







