Меню навигации+

Кыргызстандын сот адилеттиги системасын өнүктүрүүгө багытталган Мамлекеттик максаттуу программанын долбоору талкууланды

30.09.2022

2022-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын орун басары Карыбек Дүйшеев “2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги тутумун өнүктүрүү” 3-Мамлекеттик максаттуу программасынын (3-ММП) долбоорун талкуулоо боюнча тегерек столго катышты.

 

Программанын максаты адамдын жана уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын адилеттүү жана натыйжалуу коргоого багытталган сот адилеттиги системасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын аныктоо болуп саналат.

 

Талкууланып жаткан максаттуу программанын долбоорунда сот адилеттигин жүргүзүүнүн жогорку сапатын, бардык сот органдарынын ишинин ачыктыгын, натыйжалуулугун камсыз кылуу, ошондой эле Кыргызстандын сот системасына калктын ишенимин жогорулатуу үчүн конкреттүү иш-чаралар каралган.

 

Бул документ Кыргыз Республикасында сот адилеттиги системасын узак мөөнөттүү мезгилге андан ары өнүктүрүүнү карайт жана 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын, 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылга карата Иш-аракеттер планын аткаруу үчүн иштелип чыгууда.

Программа Судьялар кеңеши тарабынан Президенттин Администрациясынын, Конституциялык соттун, Жогорку соттун, Сот департаментинин, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин, юстиция органдарынын, КР Адвокатурасынын, жарандык коомдун жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен иштетилүүдө.

 

Иш-чарага ошондой эле КР Жогорку сотунун төрагасынын орун басарлары, КР Конституциялык сотунун судьялары, КР Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү боюнча бөлүм башчысынын орун басары, КР Жогорку сотунун судьялары, КР Судьялар кеңешинин мүчөлөрү, жергиликтүү соттордун төрагалары, жергиликтүү соттордун судьялары, КР Жогорку сотунун алдындагы Сот департаментинин директору, КР Жогорку сотунун алдындагы Сот департаментинин “Адилет Сот” мекемесинин жетекчиси, 3-ММП иштеп чыгууга тартылган жумушчу топтун мүчөлөрү, “Укук Булагы”долбоорунун эксперттери катышты.