Меню навигации+

Кытай Эл Республикасынын сот өндүрүшүнүн тажрыйбасы

13.05.2025

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары Чинара Айдарбекова жана Меергуль Бобукеева 2025-жылдын 16-апрелинен 29-апрелине чейин Кытай Эл Республикасында өткөн эл аралык окуу семинарына катышышты.

Иш-чара Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлигинин колдоосу менен Шаньдун тышкы соода кесиптик колледжи тарабынан уюштурулду.

Шаньдун тышкы соода кесиптик колледжи Кытайдагы тышкы экономикалык жана соода-сатык кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири болуп саналат. 60 жылдан ашык тарыхы бар бул колледж 60 000ден ашуун адистерди даярдап, чет өлкөлөр үчүн кадрларды даярдоого көмөк көрсөтүү боюнча 400дөн ашуун семинарларды ийгиликтүү өткөрүп, кеңири эл аралык кызматташтыкты жолго койгон.

Семинардын билим берүү программасынын алкагында катышуучулар Кытайдын укуктук системасынын негиздери, анын ичинде Граждандык кодекстин жоболору, кылмыш жана административдик сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү, чет элдик инвестициялар жаатындагы мыйзамдар, эл аралык соода талаш-тартыштарын жөнгө салуу механизмдери, ошондой эле транс чек аралык сооданын жана санариптик коопсуздуктун укуктук коргоо маселелери менен таанышышты.

Окутуунун практикалык аспектилерине өзгөчө көңүл бурулду: семинар аудиториялык сабактарды, дискуссиялык сессияларды, прецеденттик иштерди талдоону камтып, Циндао, Хайкоу жана Ханчжоу шаарларындагы сот жана юридикалык мекемелерге сапарларды да камтыды. Катышуучулар Эл аралык коммерциялык сотко, юридикалык фирмаларга, Коомдук юридикалык кызмат көрсөтүү борборлоруна жана башка адистештирилген мекемелерге барышты.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьяларынын бул семинарга катышуусу алардын кесиптик квалификациясын жогорулатууга, укуктук чөйрөдөгү эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана сот системаларынын уюштурулушу жана иштөөсү боюнча алдыңкы тажрыйбаны өздөштүрүүгө багытталды.