Мамлекеттик тил күнү менен!

Урматтуу кыргызстандыктар!
23 – сентябрь-мамлекеттүүлүктүн башкы символдорунун бири жана элибиздин руханий байлыгынын түгөнгүс булагы болгон мамлекеттик тил күнүн белгилейбиз.
Ата-бабаларыбыз бизге кооз, бай жана терең тилди сактап жеткиришкен.
Ар бир элдин тили өзгөчө,”тил — элдин жүзү жана байлыгы”.
Эне тилин билүү-өз улутуна жана өз тегине болгон сый-урматтын белгиси.
Биздин жалпы милдетибиз-мамлекеттик тилди сактоо жана жайылтууга көмөктөшүү.
Мамлекеттик тил күнү менен!
Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын
Конституциалык сотунун Төрагасы Эмиль Осконбаев.