MIRAI эл аралык программасынын алкагында жаш адистердин кесиптик диалогун өнүктүрүү
2026-жылдын 14–20-январь күндөрү Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын консультанты Жанышбекова Н. Япониянын Japan’s Friendship Ties Program “MIRAI” аттуу эл аралык программасына катышты.
Программа Европа, Азия жана Кавказ өлкөлөрүнөн келген жаш адистерди бириктирип, Япониянын укуктук тутумун, мамлекеттик саясатын жана негизги мамлекеттик жана укуктук институттардын иш тажрыйбасын изилдөөгө багытталган.
Программанын алкагында Япониянын Жогорку сотунда, Япониянын Тышкы иштер министрлигинде, БУУнун Кылмыштуулук жана адилеттүүлүк боюнча окутуу-изилдөө институтунда (UNAFEI), Япониянын Юстиция министрлигине караштуу Эл аралык кызматташтык департаментинде, ошондой эле Keio университетинде жана Nishimura & Asahi юридикалык фирмасында лекциялар жана жумушчу жолугушуулар өткөрүлдү.
Иш-чаралардын жүрүшүндө сот тутумунун уюштурулушу, укуктун үстөмдүгүн камсыздоодогу сот бийлигинин ролу, эл аралык укуктук кызматташтык жана заманбап укук колдонуу тажрыйбалары боюнча маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Программа лекцияларды, эксперттик жолугушууларды, жумушчу талкууларды жана катышуучулар менен адистердин ортосунда кесиптик тажрыйба алмашууну камтыды.
Программа Япониянын Тышкы иштер министрлигинде өткөрүлгөн жыйынтыктоочу отчеттук сессия менен аяктап, анда катышуучулар иш-чаранын жыйынтыктарын сунуштап, келечектеги кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун кызматкерлеринин эл аралык билим берүү программаларына катышуусу кесиптик квалификацияны жогорулатууга, чет өлкөлүк мыкты тажрыйбаларды өздөштүрүүгө жана өлкөнүн сот тутумунун эл аралык аброюн чыңдоого багытталган системалуу иштин маанилүү бөлүгү болуп саналат.







