Нооруз майрамыңыздар менен!

Урматтуу кесиптештер, кымбаттуу достор!
Сиздерди жаздын жаркыраган Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Жаздын жарчысы болгон бул күн биздин жүрөктөрдү жаркын үмүттөргө толтуруп, муундардын, салтыбыздын жана бакубаттыкка умтулуунун ажырагыс байланышын эске салат.
Нооруз жыл мезгилдеринин алмашуусун, күн менен түндүн теңелүүсүн гана эмес, биримдиктин, өз ара түшүнүшүүнүн жана адилеттүүлүктүн күчүн да билдирет. Дал ушул баалуулуктар биздин өлкөнүн Конституциясынын негизи болгон ар бир жарандын теңдигинин, укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдигин түзөт.
Бул майрам ар бир үйгө кубаныч, ырыс-ырашкерлик жана келечекке болгон бек ишенимди алып келсин. Сиздерге чың ден соолук, ишиңиздерге ийгилик жана өнүгүү каалайм!
Майрамыңыздар менен!
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын
Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаев