Меню навигации+

Ош шаарында Конституциялык соттун көчмө конституционализм мектептери өткөрүлдү

26.01.2026

26-жылдын 23-январында Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тарабынан Конституциялык соттун Төрагасы Эмиль Осконбаевдин, ошондой эле судьялар Чинара Айдарбекова жана Меергүл Бобукееванын катышуусу менен көчмө конституционализм мектептери өткөрүлдү.

 

Билим берүү иш-чаралары эки кесиптик аудитория үчүн уюштурулду. Биринчи мектеп Ош мамлекеттик университетинин базасында өтүп, ОшМУнун жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин юридикалык факультеттеринин окутуучуларын камтыды. Экинчи мектеп Ош облустук сотунда уюштурулуп, Ош жана Жалал-Абад облустарынын облустук жана райондук сотторунун судьялары үчүн өткөрүлдү.

 

Иш-чаралардын алкагында укуктук мамлекетти өнүктүрүүдөгү конституционализмдин ролу, мамлекеттик бийлик системасында Конституциялык соттун орду, ошондой эле Конституциялык соттун актыларын жана конституциялык укуктун принциптерин сот ишмердүүлүгүндө колдонууга байланышкан практикалык маселелер талкууланды.

 

Катышуучуларга кайрылып сүйлөгөн Конституциялык соттун Төрагасы Эмиль Осконбаев конституционализмди өнүктүрүү үзгүлтүксүз кесиптик диалогсуз мүмкүн эместигин белгилеп, көчмө форматтагы мектептер конституциялык адилеттүүлүктү аймактарга жакындатууга жана соттук жана академиялык чөйрөнүн реалдуу муктаждыктарын эске алууга өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.

 

Конституционализм мектептери ачык талкуу форматында, суроо-жооптордун активдүү сессиясы менен өттү. Иш-чаралардын жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

 

Бул билим берүү демилгелери Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун конституциялык баалуулуктарды бекемдөөгө, укуктук маданиятты жогорулатууга жана укук колдонуу практикасында конституциялык принциптерди бирдиктүү түшүнүүнү калыптандырууга багытталган системалуу ишинин бир бөлүгү болуп саналат.