Меню навигации+

Александру Тэнасе, Молдованын Конституциялык сотунун төрагасы Кыргызстандагы сот өндүрүшүнүн өнүгүүсүнүн келчегин жогору баалады

17.03.2014

13-14-мартта конституциялык сот өндүрүшү боюнча эксперттик жолугушуулар болуп өттү. Эки күндүн ичинде Хорватия, Молдова жана Румыниядан келген конституциялык сот өндүрүшү тармагындагы эксперттер Кыргызстандын Конституциялык палатасынын судьялары жана кызматкерлери менен өздөрүнүн тажрыйба жана билимдери менен бөлүшүштү.

 

«Конституциялык палатанын иштегенине болгону жарым жыл болду. Коом бизден адилеттүүлүк жана кесипкөйлүк менен кабыл алынган чечимдерди күтүүдө, ошондуктан тажрыйбасы бай кесиптештерибиз менен жолугушуу, конституциялык сот өндүрүшүнүн көйгөйлүү маселелери боюнча эл аралык тажрыйба менен таанышуу жана эксперттердин пикирлерин билүү өтө маанилүү», – деди Конституциялык палатанын төрагасы Мукамбет Касымалиев жолугушуу учурунда.

 

Жолугушуунун катышуучулары конституциялык сот өндүрүшү боюнча маселелерди талкуулашты. Жолугушкандар конституциялык судьялардын чечимин аткаруу боюнча тажрыйбаларга, парламент, өкмөт жана жарандык коом менен өз ара мамиле түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

 

Конституциялык палатанын судьяларынын конституциялык экспертиза боюнча суроолоруна жооп берип жатып, Молдованын Конституциялык сотунун төрагасы Александру Тэнасе: “Кыргызстандын Конституциясынын кириш сөзү силерге акырындык менен Европанын эң мыкты сотторунун катарына жетүүгө мүмкүнчүлүк берген юриспруденцияны өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт”, – деди.

 

Конституциялык палатанын кызматкерлери бул жолугушууга өтө чоң кызыгууу менен мамиле жасап, Европа Кеңешинин Венециалык комиссиясынын мүчөлөрү болгон, Румыниянын Конституциялык сотунун мурунку төрагасы Лучиану Михай, Хорватиянын Конституциялык сотунун судьясы Славице Банничке көптөгөн суроолорду беришти. Молдованын Конституциялык сотунун башкы катчысы Родика Секриеру конституциялык соттун ишин камсыздоодо кызматкерлердин ролу жөнүндө айтып берди, алардын функционалдык милдеттери жана соттун аппаратынын ар кандай бөлүмдөрүнүн бири-бири менен өз ара иштеши жөнүндөгү суроолорго жооп берди.

 

Эл аралык эксперттер менен жолугушуу БУУнун Өнүгүү Программасы жана Европа Кеңешинин Венециалык комиссиясы ишке ашырып жаткан Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасын колдоо боюнча долбоордун алкагында Европа Союзунун каржылоосу менен колдоого алынып өттү.