Меню навигации+

Конституция күнүнүн урматына Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту студенттер үчүн Ачык эшиктер күнүн өткөрдү

30.04.2024

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту өлкөнүн жогорку окуу жайларынын студенттерин укуктук илим дүйнөсүнө аралашууга жана Баш мыйзамдын мамлекеттин турмушундагы маанилүү ролу менен таанышууга чакырып, өз эшигин ачты.

Студенттерге тарыхый имарат боюнча экскурсия өткөрүлүп, Конституциялык соттун китепканасы көрсөтүлдү, алар конституциялык укук, укуктук системанын өнүгүү тарыхы жана маанилүү соттук чечимдер боюнча көлөмдүү адабияттар коллекциясы менен таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк алышты.

Ар кандай бөлүмдөргө барып, алардын иши менен таанышуу студенттерге конституциялуулукту жана мыйзамдуулукту камсыз кылууда Конституциялык соттун милдеттеринин масштабын жана татаалдыгын кыйла терең түшүнүүгө мүмкүндүк берди. Ошондой эле Конституциялык соттун судьялары кесиптик тажрыйбасы, кызыктуу кейстери менен ой бөлүшүп, болочок юристтердин суроолоруна жооп беришти.

Конституциялык соттун судьясы Чинара Аскарбековна Айдарбекованын лекциясына өзгөчө көңүл бурулду, ал Конституциялык соттун ишмердүүлүгү жана укуктук мамлекеттин туруктуулугу үчүн кабыл алынган чечимдердин маанилүүлүгү жөнүндө кенен-кесири айтып берди.