Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту кыргыз-өзбек чек арасынын маселелери боюнча эл аралык келишим долбоору ратификация болгонго чейин төмөнкү негиздер боюнча ага корутунду берген эмес

17.11.2022

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту кыргыз-өзбек чек арасынын маселелери боюнча эл аралык келишим долбоору ратификация болгонго чейин төмөнкү негиздер боюнча ага корутунду берген эмес.

Конституциянын 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык Конституциялык сот Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, күчүнө кире элек эл аралык келишимдердин конституциялуулугу жөнүндө корутунду берет.

Конституциянын жогоруда аталган беренесинин 7-бөлүгүндө конституциялык сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруунун тартиби конституциялык Мыйзам менен аныкталат деп белгиленген.

“КР Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 26-беренеси менен “Конституциялык сотто ишти кароого негиз болуп ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына жооп берген сунуштама, өтүнүч, суроо-талап жана даттануу формасындагы Конституциялык сотко кайрылуу эсептелет. Мыйзамдын, башка ченемдик укуктук актынын, Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кире элек эл аралык келишимдин Конституцияга ылайыктуулугу жөнүндө маселеде аныкталбагандык ишти кароого негиз болуп саналат…” деп көрсөтүлгөн.

Аталган конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 2-бөлүгүндө жана 22-беренесинде Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кире элек эл аралык келишимдердин конституциялуулугу жөнүндө корутунду берүү жөнүндө кайрылуу укугу Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин фракцияларына, депутаттык топторуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине таандык, алар Конституциялык сотко кайрылууларды сунуштама түрүндө беришет деп белгиленген.

Башкача айтканда, Кыргыз Республикасында конституциялык сот өндүрүшү демилге көтөрүүчү болуп саналбайт жана эл аралык макулдашуулардын долбоорлоруна корутунду тийиштүү субъекттен кайрылуу түшкөн учурда, ал конституциялык Мыйзамда белгиленген бардык талаптарды аткарганда жана эл аралык келишимдин конкреттүү жоболорунун Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен шайкештигине негиздүү шектенүү болгондо гана берилиши мүмкүн.

Жогоруда көрсөтүлгөн себептер боюнча чек ара маселелери боюнча эл аралык келишимдер долбоорлоруна корутундулар мурда берилбегенин белгилей кетүү керек.