Конституциялык сот юристтер үчүн конституционализм мектебин өткөрдү

2025-жылдын 2-октябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө юристтердин маалымдарлыгын жогорулатууга жана өздөрүнүн практикалык ишмердүүлүгүндө конституциялык баалуулуктарды колдонууга багытталган кезектеги конституционализм мектебин өткөрдү.
Иш-чаранын катышуучуларына Конституциялык соттун Төрагасы Эмиль Жолдошевич Осконбаев кайрылуу жасады. Ал өз сөзүндө Конституциянын үстөмдүгүнүн принцибин ишке ашырууда жана коомдо конституционализм маданиятын өнүктүрүүдө Конституциялык соттун маалыматтык иш-чараларынын маанисин баса белгиледи.
Конституционализм мектебинин программасынын алкагында мамлекеттик бийлик органдарынын системасында конституциялык көзөмөл органынын орду жана ролу, конституциялык сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү, конституциялык көзөмөл органынын ченемдик укуктук актыларды баалоодо укук принциптерин жана укук доктриналарын колдонуу практикасы, Конституциялык соттун чечимдеринин юридикалык күчү жана алардын аткаруунун тартиби жөнүндө темалар каралды.
Лекцияларды Конституциялык соттун Төрагасы Эмиль Осконбаев, судьялар Чинара Айдарбекова жана Меергүл Бобукеева өткөрүштү.
Мектептин программасында сунушталган темаларга катышуучулардын активдүү катышуусу, маалымат алмашуунун интерактивдүү ыкмалары каралган, бул материалды жакшы өздөштүрүүнү өбөлгөлөйт. Катышуучулар алган маалыматты өздөрүнүн кесиптик ишинде колдонууга багытталган практикалык тапшырмаларга өзгөчө кызыгуу менен катышты.
Семинардын соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тарабынан «СИВИКС» коомдук фондунун техникалык колдоосунда уюштурулду жана өткөрүлдү.