Меню навигации+

Евреван эл аралык конференциясында “Конституциялык маданият” эл аралык аналитика бороборун түзүү процесси демилгеленди

25.10.2016

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конгституциялык палатасынын судья-катчысы Меергуль Бобукеева учурдагы жылдын 20-октябрынан баштап 23-октябрына чейин Ереван шаарындагы жыл сайын өткөрүлүүчү Ереван эл аралык конференциясына катышып келди. Ереван эл аралык конференциясын Эл аралык кызматташтыктын Германия кызматташтыгынын Армениядагы офисинин көмөгү менен Армения Республикасынын Конституциялык соту өткөрдү.

 

Конференция бул жылга карата аныкталган кийинки темаларда өттү: “Европа Кеңешинин Венециялык комиссиясынын 106-пленардык отурумунда кабыл алынган “Укук үстөмдүгүнүн Конституциялык тизмесинин” тутумдаш конституциялык мониторингди ишке ашырууда ролу жана мааниси” жана “Мыйзамдагы өксүктөн жана укуктук күмөнсүздүктөн чыгууда Конституциялык соттун ролу”.

 

Иш чарага алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн 30 конституциялык текшерүү органдарынын, Европа Кеңешинин адам укуктары жана укук үстөмдүгү боюнча Башкы директораттын, Европа Кеңешинин (Венециялык комиссиясынын) “Укук аркылуу демократия үчүн” Европа комиссиясынын өкүлдөрү, ошондой эле Адам укуктары боюнча Европа сотунун судьялары катышты.

      

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судья-катчысы Меергуль Бобукеева “мыйзамдардагы өксүктөрдөн жана укуктук күмөнсүздүктөн чыгууда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимдеринин ролу жана мааниси” темасындагы доклад менен чыгып сүйлөдү, сөзүндө каралуучу маселе боюнча Конституциялык палатанын тажрыйбасы жөнүндө маалымат менен бөлүштү.

       

21-октябрь күнү Армения Республикасынын Президентинин атынан конференциянын катышуучулары конок болушту, аталган сый тамактын үстүндө Конституциялык сотунун төрагасы Гагик Арутюнян “Конституциялык маданият” эл аралык аналитика бороборун түзүү жөнүндө салтанаттуу жарыя кылды. Борбордун негизги иш-милдеттери төмөнкүлөр болот: конституциялык маданият маселелри туурасында илимий-аналитикалык ишмерликти жандандыруу, илимий-практикалык конференцияларды уюштуруу, ар кайсы өлкөлөрдө конституциялык маданияттын реалдуу абалы тууралуу корутундуларды даярдоо, “Конституциялык маданият” көп тилдүү журналын чыгаруу ж.б.