Меню навигации+

Мустафа Кемаль Ататүрк атындагы парктагы жерлер маселеси боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматтарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун расмий билдирүүсү

14.02.2025

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесине ылайык, Конституциялык сот башка ыйгарым укуктар менен катар, мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын Конституцияга ылайык келүүсү тууралуу иштерди чечет.

Конституциялык сот тарабынан 2025-жылдын 29-январында каралган иштин предмети, шаардын мэринин өзүнүн актыларын жокко чыгаруу жана күчүн жоготту деп таануу укугун караган «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамдын 44-беренесинин 3-бөлүгү болгон.

Конституциялык сот бул иш боюнча төмөнкү тыянактарга келди.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу конституциялык түзүлүштүн негиздеринин бири болуп саналат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу башкарууну децентралдаштыруу гана эмес, ошондой эле жер-жерлерде башкарууну уюштуруу, жергиликтүү жашоо-турмуштун маселелерин чечүү камсыздалат. Ушуга байланыштуу жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ыйгарым укуктардын жетиштүү көлөмүнө, анын ичинде өз актыларын жокко чыгаруу укугуна ээ болууга тийиш.

Ошону менен бирге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары актыларды колдонуудагы мыйзамдардын алкагында гана кабыл алууга милдеттүү, тактап айтканда өздөрү чыгарган актыларын жокко чыгаруу сыяктуу ыйгарым укугу Конституциянын, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Мыйзамдын, Жер кодексинин ченемдерине жана башка ченемдик укуктук актылар менен системалык байланышта ишке ашырылышы мүмкүн.

Алсак, «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Мыйзамга ылайык, эгерде актынын жокко чыгарылышы менчик ээсинин эркинен тышкары мүлкүн алып коюуга алып келиши мүмкүн болсо, ал ушул актыны кабыл алган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан жокко чыгарылбайт. Бул учурда акт сот тартибинде анык эмес деп таанылышы мүмкүн (57-берене). Мындан тышкары, Жер кодексинин 119-беренесине ылайык жер участогуна укуктарды берүүгө, алып коюуга жана токтотууга байланыштуу жер талаштарын чечүү да сот тарабынан гана чечилет.

Ошентип, аталган ченемдер менчиктин кол тийбестиги, менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү соттун чечими боюнча гана алып коюу сыяктуу конституциялык жоболорду ишке ашыруу менен, мүлктүк укуктардын пайда болушуна негизделген актылар сот тарабынан гана жокко чыгарыла тургандыгын императивдик тартипте талап кылат.

Сот адилеттиги аркылуу гана ар бир конкреттүү учурдун бардык жагдайларын объективдүү жана толук баалоого жетишүүгө жана ар бир жарандын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кынтыксыз сакталышын камсыздоого болот.