Меню навигации+

Эстейбиз, аза күтөбүз…

11.09.2014

Тереӊ аза күтүү менен Кыргыз Республикасынын юридикалык коомчулугу орду толбос жоготууга учураганын билдиребиз. 2014-жылдын 11-сентябрында 62 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы, жакшы адам жана акылман насаатчы Макешов Джумадил Макешович дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.

 

Макешов Джумадил Макешович 1952-жылдын 23-ноябрында Чүй облусунун Калинин районун Суусамыр айылында төрөлгөн.

 

1980-жылы «укук таануу» адистиги боюнча СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

 

Джумадил Макешович  прокуратура органдарында 30 жылдан ашык иштеген, анын ичинен 24 жыл жетекчилик кызматтарда эмгектенди.

 

Өз эмгек жолунун ар кайсы жылдарында ал Фрунзе шаарынын Свердлов районунун, Биринчи май  районунун, Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облусттарынын прокурору, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары кызматында иштеди.

 

Анын жетекчилиги алдында прокуратура органдары тарабынан мыйзамдуулукту жана тартиптүүлүктү бекемдөө, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча маанилүү иштер аткарылган.

 

2013-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайланып, азыркы мезгилге чейин иштеп келген.

 

Макешов Джумадил Макешович Конституциялык палатанын судьясы  болгон учурда Кыргыз Республикасынын конституциялык сот адилеттигинин түзүлүшүнө, калыптанышына жана өнүгүшүнө чоӊ салымын кошкон.

 

Өз ишин ак ниетүүлүк менен аткарганы үчүн Джумадил Макешович Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган, ага «Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеӊешчиси» мамлекеттик чин ыйгарылган.

 

Бул дүйнөдөн мыкты адис гана кетпестен, ак ниет, сезимтал, боорукер адам кетти.

 

Сылыктык, мекенчилдик, жеке жоопкерчилик жана боорукерлик – бул анын башкарлардан айырмалап туруучу мүнөздөрү болучу.

 

Тереӊ кайгыруу менен туугандарына жана жакындарына көӊүл айтабыз.

 

Анын жаркын элеси дайыма биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун

Конституциялык палатасынын коллективи