Меню навигации+

Якутиянын Конституциялык сотунун Төрагасы: “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – кулачы кең окуя”

07.09.2016

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Төрагасы Эркинбек Мамыров Саха (Якутия) Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Александр Ким-Кимэн менен жолукту. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Төрагасынын орунбасары Куанбек Киргизбаев жана судья-катчы Мээргүл Бобукеева айым да катышты

 

Якутиянын Конституциялык сотунун Төрагасы II Дүйнөлүк көчмөн оюндарына Якутиянын Улуттук спорт жана оюндар түрлөрү Ассоциациясынын Төрагасы катары  ардактуу мейман болуп катышты. Александр Ким-Кимэн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакыруу үчүн ыраазычылыгын билдирди жана бул оюндар – кулачы кең окуя экенин, кыргыз элинин тарыхы менен салтын тереңдигин да, атүгүл өзүнүн тегине, маданиятына, ошондой эле башка элге да мамилесин сездирди. “Көчмөндөр оюндары, тынчтык үчүн маданий баалуулуктар жана салттардын негизинде күрөшүп жатканыңарды көрсөтүп турат!” – деп Якутиянын Конституциялык сотунун Төрагасы баса белгилеп кетти.

 

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Төрагасы Александр Ким-Кимэн Кыргызстанган келип, Экинчи Дүйнөлүк оюндарына катышканына ыраазычылыгын билдирди. Эркинбек Мамыров Конституциялык палатанын имерлиги тууралуу айтып берди жана Кыргызстандагы конституциялык текшерүү органынын калыптануу жана өнүгүү кадамдарына токтоло кетти.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө жарандардын, асыресе, жаштардын укуктук агартуу маселелери талкууланды да, конституциялык соттордун судьяларынын бул иште катышуусу маанилүү экендиги боюнча да пикирлери бир жерден чыкты.