К. С. Бакиевдин кызыкчылыгын көздөгөн И. Н. Айткуловдун кайрылуусуна байланыштуу айыпталуучу жок кезде кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруу маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин айрым ченемдеринин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча ПРЕСС-РЕЛИЗ
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту 2025-жылдын 9, 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 243, 251, 253-беренелеринин, “Тергөөчү процесстин катышуучуларын кылмыш ишинин материалдары менен тааныштыргандан жана алардын өтүнүчтөрү чечилгенден кийин айыптоо актысын түзөт” деген сөздөр менен баяндалган 256-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацынын ченемдик жобосунун, 296-беренесинин 6-бөлүгүнүн, 403-беренесинин 2-бөлүгүнүн, 412-беренесинин 3-бөлүгүнүн жана 421-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты.
Арыз ээсинин ырастоосу боюнча, КЖПКда сотко чейинки сырттан өндүрүштү так укуктук регламенттөөнүн жоктугу эки жактуу укук колдонууга алып келет. Кээ бир учурларда тергөө айыпталуучу компетенттүү органдарга жеткирилмейинче токтотулуп турат, ал эми башка бир учурларда кылмыш ишин кийин сотко жөнөтүү менен сырттан айып коюу колдонулат.
Мындан тышкары, КЖПК адамды биринчи инстанцияда сырттан соттоого гана эмес, ошондой эле ишти анын катышуусуз апелляциялык, кассациялык соттук инстанцияларда да кароого да мүмкүндүк берет. Арыз ээсинин пикири боюнча сырттан чыгарылган өкүмдү апелляциялык жана кассациялык тартипте соттолуучунун түздөн-түз катышуусу менен кайра кароо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу адилеттүү соттук териштирүүгө болгон конституциялык укугун, бузулган укуктарды мыйзамда каралган бардык ыкмалар менен калыбына келтирилишин, ошондой эле сот өндүрүшүндө тараптардын тең укуктуулугу жана атаандаштыгы принцибин бузат.
Арыз ээси, ошондой эле КЖПКнын 403-беренесинин 2-бөлүгү апелляциялык даттануунун мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч берүү үчүн үч айлык бөгөт коюу мөөнөтүн орнотуу менен соттук коргонууга жана соттук териштирүүгө түздөн-түз катышууга болгон конституциялык укукту негизсиз чектейт деп эсептейт. Башкача айтканда, даттануу укугу формалдуу түрдө бар экенине карабастан, сырттан соттолгон адам белгиленген укуктарынан иш жүзүндө ажырайт.
Ишти кароонун жыйынтыгы боюнча Конституциялык сот төмөнкүдөй тыянактарга келди.
Демократиялык мамлекетте укук тартибин калыптандыруу жана чыңдоо ар кандай укук бузуу үчүн, ал ким тарабынан жасалганына карабастан, жазанын болбой койбостугу принцибин шартсыз сактоого жана ишке ашырууга негизделген.
Күнөөлүүлөрдү өз убагында жазалоо жана анын болбой койбостугу гана жарандарда учурдагы укук тартибинин бузулбастыгы жөнүндө түшүнүктү жаратат, адилеттүүлүккө жана мамлекеттик бийликтин кубаттуулугуна ишенимди бекемдейт, алардын өмүрү, саламаттыгы, мүлкү, укуктары жана кызыкчылыктары ишенимдүү корголот деген ишеничти бекемдейт.
Ушуга байланыштуу, Конституциялык сот сырттан кылмыш куугунтугун колдонуу, анын ичинде сырттан айып коюу жана кийин ишти сотко жөнөтүү мүмкүн, бирок так аныкталган учурларда жол берилет деп эсептейт. Мындай учурлар адам сот адилеттигинен атайлап качканда жана Кыргыз Республикасынан максаттуу чыгып кеткенде, ал эми компетенттүү органдар тарабынан кабыл алынган бардык чаралар, анын ичинде аны экстрадициялоо боюнча эл аралык-укуктук механизмдер натыйжасыз болуп калгандыгы менен шартталууга тийиш.
Ошентип, сырттан өндүрүш кылмыш-жаза процессинин негизсиз элементин түзбөйт, тескерисинче, укук тартибин жана жазанын болбой койбостугун камсыз кылууда коомдук кызыкчылыкты коргоонун өзгөчө инструменти болуп саналат.
Мында, биринчи инстанциядагы соттун сырттан чыгарылган өкүмү бардык далилдерди жана күбөлөрдү консолидациялоого, убакыттын өтүшү менен алардын жоголушун болтурбоого, ошондой эле жабырлануучулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын өз убагында коргоого мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, ал маанилүү алдын алуучулук функцияны аткарып, ар бир адамда, анын ичинде сот адилеттигинен качкан адамда жазанын болбой койбостугун түшүнүүсүн калыптандырат. Ошондой эле, сот өкүмүнүн болушу айыпталуучуну кармоо үчүн эл аралык институттарды ишке тартуу мүмкүнчүлүгүн олуттуу жогорулатат.
Ошону менен бирге, Конституциялык сот, сырттан өндүрүштүн арналышынын белгиленген талашсыз маанилүүлүгүнө карабастан, мамлекет тарабынан кепилдиктердин берилиши шартында да, анын ичинде адвокаттын жардамы менен өзүн коргоо мүмкүнчүлүгү да айыпталуучунун жоктугунун толук ордун толтура албай тургандыгын унутпоо керектигин белгилейт. Анын сот отурумунда жеке катышуусу гана тараптардын чыныгы атаандаштыгын жана тең укуктуулугун, иштин жагдайларын жана далилдерди айыпталуучунун өзүнүн көз карашы жана аргументтери менен баалоо мүмкүнчүлүгүн камсыздай алат.
Демек, сырттан соттоо тартибинде соттолгон ар бир адам Кыргыз Республикасынын аймагына келген шартта, ал сотко келүүнү өз ыктыяры менен чечкендигине же бул компетенттүү органдардын ишинин натыйжасы болгондугуна карабастан, анын түздөн-түз катышуусунда ишти кайра кароого реалдуу мүмкүнчүлүккө ээ болууга тийиш.
Мындай укуктук жөнгө салуу гана укуктук мамлекеттин принциптерин жактоочулукту жана калыс сот адилеттигинин кепилдигин көрсөтөт, ошондой эле эл аралык стандарттарга жана көпчүлүк демократиялык мамлекеттердин туруктуу практикасына толугу менен ылайык келет.
Мыйзам чыгаруучу, ушул сыяктуу жагдайларды алдын ала чечүүдө, КЖПКнын 296-беренесинин 6-бөлүгүндө сырттан чыгарылган сот актыларын апелляциялык тартипте жокко чыгаруунун жана жаңы соттук териштирүүнү жүргүзүүнүн тартибин орноткон. Бирок, мыйзамдар аларды жогору турган сот инстанцияларында сырттан кайра кароого жол берүү менен сырттан соттоого акыркы мүнөз бергендиктен бул ойду ишке ашыруу мүмкүн эмес болууда, муну менен айыпталуучунун катышуусунда жаңы соттук териштирүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат. Мындай учурда сырттан чыгарылган соттук актыларды апелляциялык жана кассациялык инстанцияларда кароо укуктук жана практикалык маанисин гана эмес, конституциялык жактан негизделген маанисин да жоготот.
Ошентип, адамдын сот адилеттигинен качуусуна чара көрүүнүн өзгөчө формасы катары сырттан кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн максаттарына жетүү үчүн сотко чейинки стадияда жана биринчи инстанциядагы соттогу териштирүүнүн алкагында каралган жол-жоболорду ишке ашыруу толук жетиштүү, анткени дал ушул этаптарда негизги милдеттердин аткарылышы – айыпталуучунун келишин камсыз кылуу мүмкүн болбогондо, жазык куугунтугунун натыйжасына жетишүү, далилдик базаны белгилөө жана акылга сыярлык мөөнөттө өкүм чыгаруу камсыз кылынат.
Апелляциялык даттануунун бөгөт коюу мөөнөтү боюнча (КЖПКнын 403-беренесинин 2-бөлүгү) Конституциялык сот анын жөнгө салуучу күчү, апелляциялык жана кассациялык инстанцияларды салттуу түшүнүүдө орун алгандай, биринчи инстанциядагы соттун сырттан чыгарылган сот актыларына жайылтылышы мүмкүн эмес деп белгиледи.