КР Жазык-процесстик кодексинин 430-беренесинин 3- бөлүгүнүн «тергөө судьясынын токтомдоруна даттануу боюнча чыгарылган апелляциялык инстанциянын сотунун чечимдери кассациялык тартипте кайра каралбайт» деп берилген ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз
04.03.2021
Конституциялык палата КР Жазык-процесстик кодексинин 430-беренесинин 3-бөлүгүнүн «тергөө судьясынын токтомдоруна даттануу боюнча чыгарылган апелляциялык инстанциянын сотунун чечимдери кассациялык тартипте кайра каралбайт» деп берилген ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, аны сотко чейинки өндүрүштөгү жазык иштин токтотулушу жөнүндө ыйгарым укуктуу кызмат адамынын чечимине даттанууну кароонун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган тергөө судьясынын токтомунун колдонулушуна карата бөлүктө Конституцияга карама-каршы келет деп кабыл алынды.
Конституциялык палата өзүнүн чечиминде процесстик аракеттерге/аракетсиздиктерге жана чечимдерге даттануу укугуна ээ болуу жарандарга жана башка адамдарга өзүнүн укуктары менен кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берген эң маанилүү кепилдик экендигин белгиледи. Конституциянын 40-беренесинин 1-бөлүгү менен кепилденген сотко чейинки өндүрүштөгү этапта соттук коргоону турмушта жүзөгө ашыруу жазык-процесстик мыйзамдарда алдын ала тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, прокурордун процесстик аракеттеринин/аракетсиздиктеринин жана чечимдеринин мыйзамдуулугуна соттук контролдоону жүргүзүүчү тергөө судьясынын институтун бекитүү жолу менен киргизилген (ЖПК 5-беренесинин 41-пункту, 28-беренесинин 8-бөлүгү, 30-беренесинин 2-бөлүгү).
Талашылып жаткан ченемге ылайык сотко чейинки өндүрүштө жазык ишин токтотуу жөнүндө токтом тергөө судьясынын, ал эми кийин - соттун аппелляциялык инстанциясынын кароо предмети болуп калышы мүмкүн.
Бирок, Конституциялык палата сотко чейнки өндүрүштө жазык ишин токтотуу жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу кызмат адамы өз алдынча кабыл алганын жана ал мамлекеттин мүмкүн болуучу укукка каршы аракет катары өзүнчө окуяны тергөөсүнүн тыянактарын акыркы баасынын жыйынтыгы экенин жана жеке инсандардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарына олуттуу шек келтириши мүмкүндүгүн эске алып, мыйзам чыгаруучунун орноткон мындай даттануу тутуму ар кимдин сот аркылуу укуктарын натыйжалуу калыбына келтирүүнү камсыз кылуу маселесинде жетишсиз деп эсептейт.
Бул тергөө судьясы да, башка адам сыяктуу эле ката кетирип алышы мүмкүн деген менен түшүндүрүлөт. Соттук каталардын табияты иштин нагыз жагдайларын аныктоо татаалдыгы менен гана эмес, укук колдонуунун татаалдыгы менен дагы шартталат. Демек, көрсөтүлгөн процесстик чечимдер тергөөчү судьянын жана аппеляциялык инстанциянын баасы менен чектелбеши керек, алар кассациялык инстанцияны кошкондо сот актыларын кайра кароо тутумунун мыйзамдарда белгиленген бардык стадияларынан өтүүсү керек.
Ушундай учурда гана соттук коргонуу укугу жана анын ажырагыс бөлүгү болгон жогору турган соттон кайра каратуу укугу жөнүндө конституциялык кепилдиктерди жүзөгө ашыруу толук кандуу деп эсептелет.