Меню навигации+

Конституциялык палатанын Аппарат кызматкерлери маалымат-байланыш технологиялары боюнча окуу курстарында

22.09.2017

 2017-жылдын 17-сентябрынан 23-сентябрына чейин У.Абылабеков жана М.Толобалдиев Конституциялык палатанын Аппарат кызматкерлеринин Сеул шаарына (Корея Республикасы) маалымат-байланыш технологиялары боюнча окуу курстарына катышуу максатында жумушчу иш-сапары болду.

Азия жана Африка өлкөлөрүнүн конституциялык сотторунун IT адистери үчүн окуу курсу Корея Республикасынын маалыматтар технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук агенттиги тарабынан Корея Республикасынын Илимдер жана маалымат-байланыш технологиялары министрлиги жана Конституциялык соту менен бирге уюштурулган.

Иш-чаранын жүрүшүндө Конституциялык палатанын өкүлдөрү Корея Республикасынын Конституциялык сотуна барып, Соттун жалпы ишмерлиги, соттук залдардын электрондук жабдыктары менен жасалганы, электрондук сот өндүрүш тутуму, ошондой эле соттогу маалыматтар коопсуздугу тутуму менен таанышышты.

Окуу курсунун жыйынтыктары боюнча катышуучуларга сертификаттар берилет.

Эскертебиз, Конституциялык палатанын IT адистери 2015-жылдан тартып квалификациясын жогорулатуу максатында Кореянын ушундай окуу курстарына катышып келүүдө.