Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Чинара Айдарбекова соттук көз карандысыздык жана укук үстөмдүгүн камсыз кылуу боюнча “Муткорт” форматындагы эл аралык конференцияга катышты
2025-жылдын 29–30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Чинара Айдарбекова Индиянын Харьяна штатынын Сонипат шаарындагы О.П. Джиндала атындагы университетте “муткорт” өткөн “Сот бийлигинин көз карандысыздыгы: укуктардын, институттардын жана жарандардын салыштырмалуу келечеги” аттуу эл аралык конференцияга катышты.
Иш-чарага Индиядан, Кыргызстандан, Непалдан, Түштүк Кореядан, АКШдан, Германиядан, Франциядан, Бразилиядан, Мексикадан, Түштүк Африкадан жана башка өлкөлөрдөн сот бийлигинин өкүлдөрү, окумуштуулар жана эксперттер катышты. Конференция сот бийлигинин көз карандысыздыгынын, укук үстөмдүгүн камсыз кылуунун жана адамдын конституциялык укуктарын коргоодогу судьялардын ролунун негизги аспектилерин талкуулоо үчүн маанилүү глобалдык аянтча болуп калды.
Катышуучулар ар кайсы өлкөлөрдө сот бийлиги туш болгон чакырыктарды: социалдык трансформацияларды, технологиялардын өнүгүшүн, отчеттуулук жана этика маселелерин, ошондой эле коомдун сот адилеттигине болгон ишенимин бекемдөө зарылдыгын талкуулашты. Азыркы конституционализм, соттордун институционалдык туруктуулугу жана сот системаларын өнүктүрүүнүн эл аралык тенденциялары маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Судья Чинара Айдарбекова “Инклюзивдүүлүк жана сот бийлиги: ички реформалар жана тышкы коргоо” аттуу тематикалык сессияда негизги баяндамачы катары чыгып сүйлөдү. Өз сөзүндө ал сот системасында реалдуу теңчиликти камсыз кылуу үчүн комплекстүү мамиле жасоо зарылдыгын белгилеп, сот бийлигинин көз карандысыздыгы гендердик инклюзивдүүлүксүз толук болбой турганын, ал эми укуктарды натыйжалуу коргоо ар кандай топтордун чыныгы социалдык динамикасын жана аярлуулугун эске албаса мүмкүн эместигин баса белгиледи. Аялдардын бирдей өкүлчүлүгү жана соттордо коопсуз, инклюзивдүү чөйрөнү түзүү – бул азыркы дүйнөдөгү сот адилеттигинин сапатынын негизи. Бул сессиянын алкагында теңчилик принцибин бузуу жөнүндөгү иштерди кароодо сот бийлигинин ролу, анын ичинде эл аралык прецеденттер жана конституциялык соттордун чечимдери; коопсуз жана адилеттүү жумушчу чөйрөнү камсыз кылуучу институционалдык реформалардын маанилүүлүгү; аял-судьялар үчүн насаатчылык механизмдерин өнүктүрүү; азыркы конституциялык дискурсту калыптандырууга талкуу жараткан иштердин тийгизген таасири сыяктуу маселелер талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясынын конференцияга катышуусу Кыргызстандын активдүү эл аралык кызматташууга, мыкты тажрыйбалар менен бөлүшүүгө жана көз карандысыз, инклюзивдүү жана натыйжалуу сот системасын өнүктүрүүгө умтулуусун баса белгилейт.






