Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Улуу Британиянын Лестер шаарында жумушчу жолугушуу өткөрдү

02.09.2025

 

 

 

2025-жылдын 4-августунда Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Лунара Жолдошеванын Улуу Британиянын Лестер университетинин укук мектебинде Global South Network демилгесинин негиздөөчүсү, окутуучу, доктор Науман Реаят менен жумушчу жолугушуусу  өттү.

 

Лестер университетинин укук мектеби Улуу Британиядагы юридикалык билим берүүнүн алдыңкы борборлорунун бири болуп саналат. Ал  кылымдар бою калыптанган салттарды иннновациялар менен айкалыштырат, Teaching Excellence Framework (TEF 2023)  стандартынын  алтын лауреаты статусуна ээ жана күчтүү эл аралык багыты менен айырмаланат.

 

Эл аралык кызматташуунун алкагында доктор Науман Реаят 2025-жылдын 18-июнунда Чолпон-Ата шаарында өткөн, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 35 жылдыгына арналган «Жаңы демократиядагы өлкөлөрдөгү конституциялык сот адилеттигинин калыптанышы» аттуу темадагы эл аралык конференцияга катышкан.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар конституциялык сот адилеттигинин өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин, илимий жана академиялык кызматташуунун келечегин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту менен Лестер университетинин ортосундагы биргелешкен иштердин мүмкүн болгон  багыттарын талкуулашты.

 

Бул жолугушуу мурда түзүлгөн кесиптик байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзүп, глобалдашуу шартында сот системаларынын алдында турган учурдун чакырыктары жөнүндө пикир алмашуу үчүн  аянтча болуп калды.