Меню навигации+

Сот тутумунун 100 жылдыгынын урматына Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда сыйлоо болуп өттү

27.09.2024

2024-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда өлкөнүн сот тутумунун 100 жылдыгына арналган ведомстволук сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.

Тапшыруу аземинде конституциялык сот адилеттигин өнүктүрүүгө жана мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө олуттуу салым кошкон судьялардын жана сот органдарынын кызматкерлеринин эмгеги белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун “Кызматташтык үчүн” медалы менен төмөнкүлөр сыйланды:
• Мусаев Нурлан Алишерович – Жогорку соттун Төрагасынын жазык иштери боюнча орун басары;
• Жунушпаев Кыдык Карыбаевич – Жогорку соттун судьясы;
• Токтомамбетов Кенешбек Божокоевич – Жогорку соттун судьясы;
• Гилязетдинова Инара Ильгизовна – Жогорку соттун судьясы.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Жолдошевич Осконбаев жана судья Мукамбет Шадыканович Касымалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Базарбеков Замирбек Курамаевичтин атынан “Сот системасына 100 жыл” медалы менен сыйланышты.

Мындан тышкары, Конституциялык соттун аппаратынын кызматкерлери: Шергазиев Чынгыз – Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасына, Арзыматова Айгерим — Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ардак грамотасына татыктуу болду.

Бул сыйлыктар адилеттүүлүктү жана укук тартибин камсыз кылууда ар бир адамдын маанилүү ролун баса белгилейт, ошондой эле Кыргыз Республикасында сот системасынын өнүгүшүнө жана сот адилеттигинин принциптерин бекемдөөгө кошкон олуттуу салымын таанууну чагылдырат.