Меню навигации+

Судья Жамил Асанбекович Шаршеналиевге көңүл айтуу

26.06.2024

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары жана аппараты судья Жамиль Асанбекович Шаршеналиевдин апасы дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу ага жана анын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.

 

Энени жоготуу – бул орду толгус жоготуу, аны сөз менен билдирүү мүмкүн эмес. Жүрөгүңүз сыздап, кабыргаңыз  кайышып турган оор мезгилде аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

 

Кайрат кылыңыз!

 

Апаңыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.